Бул арада Иранда жогорку лидери Али Хаменеи менен коштошуу аземи коопсуздук маселелерине байланыштуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Tasnim маалымат агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, коштошуу аземи 4-марттын кечинде башталып, үч күнгө созулмак. Бирок ага катышууну каалагандардын саны өтө көп болуп, коопсуздукту толук камсыз кылуу мүмкүн болбогондуктан иш-чараны өткөрүү убактысын жылдыруу чечими кабыл алынган.
Сейед Мохсен Махмуди — Тегеран провинциясынын Ислам пропагандасын координациялоо кеңешинин жетекчиси — азем кийинчерээк, ылайыктуу убакытта өткөрүлөрүн билдирди. Анын айтымында, көптөгөн адамдардын катышуу ниети жана аларды жайгаштыруу үчүн тийиштүү шарттарды түзүү зарылдыгы эске алынган.
Буга чейин, 28-февралда АКШ жана Израиль Иран аймагына сокку урган. Андан кийин АКШнын президенти Дональд Трамп бул чабуул учурунда 86 жаштагы жогорку лидер Али Хаменеи каза болгонун билдирген.
1-мартта Иран бийлиги аятолланын каза болгонун расмий тастыктаган. Өлкөдө 40 күндүк аза күтүү жарыяланган.


