Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыТрамп Иранга каршы аскердик аракеттерди ийгиликтүү деп атады

Трамп Иранга каршы аскердик аракеттерди ийгиликтүү деп атады

АКШ менен Израиль Иранга каршы соккуларды күчөтүп жатышат. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп билдирип, жүргүзүлүп жаткан аскердик аракеттерди “абдан ийгиликтүү” деп баалады.

Вашингтондо сүйлөгөн сөзүндө Трамп АКШнын аракеттерин 1ден 10го чейинки шкала менен баалаганда “15 баллга” тете деп айтты. Анын айтымында, эгер АКШ алдын ала сокку урбаса, анда Иран биринчи болуп Израильге чабуул жасамак.

АКШнын коргоо министри Пит Хегсет өткөргөн маалымат жыйынында АКШ менен Израиль жакынкы убакта Ирандын аба мейкиндигин толук көзөмөлгө аларын билдирди. Ал ошондой эле алдыда дагы ири аскердик соккулар болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Ошол эле учурда Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт кургактагы аскерлерди жөнөтүү азырынча планда жок экенин айтты.

Маалыматтарга караганда, АКШнын бир суу алдындагы кайыгы Шри-Ланканын түштүк жээгине жакын Индия океанында ирандык аскер кемесин торпеда менен атып чөктүргөн. Шри-Ланканын деңиз күчтөрү кырсыктан кийин болжол менен 80 кишинин сөөгүн таап, 30дай адамды куткарганын билдиришти.

Израилдин коргонуу армиясы да Ирандын борбору Тегеран шаарынын чыгыш бөлүгүндө кеңири масштабдагы сокку урганын маалымдады. Анда Ислам революциясынын сакчылар корпусунун штаб-квартирасы жана ички коопсуздук күчтөрүнүн объектилери бутага алынган. Аскердик операция башталгандан бери 5 миңден ашык ок-дары колдонулганы айтылды.

Ирандын мамлекеттик телеканалынын маалыматына ылайык, чабуулдардын кесепетинен каза болгондордун саны миңден ашты.

Мындан тышкары, ирандык маалымат агенттиктеринин бири Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ормуз кысыгы аркылуу өткөн бир нече мунай танкерлерине жана кемелерге сокку урганын билдирген.

Ошондой эле Ирандын мамлекеттик телеканалы Эксперттер кеңеши жаңы жогорку лидерди шайлоого жакын калганын кабарлады. Кеңеш мүчөлөрүнүн бири бул процессте коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл буруу керектигин, анткени кол салуу коркунучу бар экенин белгилеген.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар