Испания өкмөтү Ак үйдүн АКШ менен аскердик кызматташуу боюнча макулдашуу болгон деген билдирүүсүн толук четке какты. Бул маалымат АКШ, Израиль жана Иран ортосундагы куралдуу жаңжал күчөп жаткан учурда айтылган.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт маалымат жыйынында Испания АКШнын президенти Дональд Трамп тарабынан жасалган басымдан кийин позициясын өзгөрткөнүн билдирген. Анын айтымында, Мадрид акыркы сааттарда америкалык аскерлер менен кызматташууга макул болуп, эки өлкөнүн аскердик түзүмдөрү өз ара аракеттерди координациялап жатат.
Ошондой эле ал АКШ өзүнүн европалык союздаштары Иранга каршы узак мөөнөттүү миссияда колдоо көрсөтөт деп үмүттөнөрүн айткан.
Бирок Испания өкмөтү бул билдирүүлөрдү четке какты. Өкмөт башчы Педро Санчес жетектеген администрациянын өкүлдөрү өлкөнүн позициясы өзгөрбөгөнүн жана АКШ менен аскердик кызматташуу боюнча эч кандай макулдашуу жок экенин билдиришти.
Испаниянын тышкы иштер министри Хосе Мануэль Альбарес да Жакынкы Чыгыштагы согушка жана испан аскер базаларын пайдаланууга байланыштуу өкмөттүн позициясы мурдагыдай эле өзгөрүүсүз экенин баса белгиледи.
Мындан тышкары, ал Германиянын канцлери Фридрих Мерц тарабынан Испанияга жасалган коргонуу чыгымдарын көбөйтүү боюнча басымга да сын айтты.
Ошол эле учурда Испаниянын экономика министри Карлос Куэрпо да бул маалымат кайдан чыкканын билбей турганын билдирип, өкмөттүн позициясы өзгөрбөгөнүн кайталады.


