Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин күнү менен судьяларды жана сот системасынын кызматкерлерин куттуктады.
Өкмөт башчысы өз кайрылуусунда сот тутуму мыйзамдуулуктун негизги таянычы экенин белгилеп, анын иши адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо маанилүү роль ойной турганын айтты.
Касымалиев акыркы жылдары өлкөдө сот системасын реформалоо боюнча бир катар иштер жүргүзүлгөнүн белгиледи. Анын ичинде 2021–2025-жылдары сот бийлигинин көз карандысыздыгын бекемдөөгө, иштин натыйжалуулугун жогорулатууга жана кадрларды тандоо системасын жакшыртууга багытталган реформалар ишке ашырылган.
Ошондой эле сот тармагында санариптештирүү жүрүп жатканын, электрондук документ жүгүртүү, сот актыларынын мамлекеттик реестри жана «Санарип сот» порталы ишке киргизилип жатканын кошумчалады.
Министрлер кабинетинин төрагасы сот системасынын ардагерлерине да ыраазычылык билдирип, бардык кызматкерлерге бекем ден соолук, ийгиликтер жана үй-бүлөлүк бакыт каалады.


