Быйыл Бишкекке эки миллион гүл отургузулат

0
1510

2026-жылы Бишкек шаарында көрктөндүрүү иштери кеңири масштабда жүргүзүлүп, борбор калаа болжол менен эки миллион бир жылдык гүл менен кооздолот.

Маалыматка ылайык, гүлдөр шаардагы гүлзарларга, сейил бактарга, аянттарга жана борбордук көчөлөрдүн боюна отургузулат. Бул иштерди Бишкек жашыл курулуш муниципалдык ишканасы жүргүзүп жатат.

Адистердин айтымында, жылуу жаздын шартында 10-апрелге чейин шаарда болжол менен 230 миң жоогазын гүлдөйт деп күтүлүүдө. Жоогазындар адаттагыдай эле коомдук жайларды кооздоп, шаар тургундары менен конокторуна майрамдык маанай тартуулайт.

Гүл отургузуу жана жашылдандыруу иштери этап-этабы менен жүргүзүлүп, гүлзарлар сезон бою кооз абалда сакталышы пландалууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз