whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.11.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүЭдил Байсалов Дохада ачкачылык жана жакырчылыкка каршы глобалдык альянстын жыйынына катышты

Эдил Байсалов Дохада ачкачылык жана жакырчылыкка каршы глобалдык альянстын жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Катар мамлекетинин борбору Доха шаарында өткөн социалдык өнүгүү боюнча Экинчи дүйнөлүк саммиттин алкагындагы Ачкачылыкка жана жакырчылыкка каршы күрөшүү боюнча глобалдык альянстын лидерлеринин биринчи жыйынына катышты.

Саммиттин трибунасынан сүйлөгөн сөзүндө Эдил Байсалов дүйнөдө жүз миллиондогон адамдар ачкачылыктан жана жакырчылыктан жабыркап жатканын белгилеп, бул көйгөйдү чечүүдө биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Дүйнө жүзү боюнча жүз миллиондогон адамдар ачкачылыктан, жакырчылыктан жана жокчулуктан жапа чегүүдө – бул биздин жалпы адамгерчилигибизди жана чечкиндүү жамааттык аракеттерибизди талап кылган трагедия. Биз алардын азап-кайгысын жеңилдетүү үчүн колдон келгендин баарын кылууга милдеттүүбүз. Бирок өзгөчө тилектештик сөздөрү Палестина элине арналат, алар бүгүнкү күндө 100 пайыз жасалма жол менен пайда болгон ачкачылыкты – эл аралык кылмыштын бир түрүн башынан кечирүүдө», — деди Байсалов.

Вице-премьер-министр Кыргызстан жакырчылыкты жоюу жана бардыгын азык-түлүк менен камсыз кылуу боюнча жалпы адамзаттык максаттарды бөлүшөөрүн жана өлкө ачкачылыкка жана жакырчылыкка каршы күрөшүү боюнча глобалдык альянска расмий түрдө кошулганын белгиледи.

Ошондой эле ал миллиондогон адамдар эң негизги укуктардан — жашоо жана тамактануу укугунан ажыратылып жаткан учурда дүйнө коомчулугу унчукпай тура албай турганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Ачкачылыкка жана жакырчылыкка каршы күрөшүү боюнча глобалдык альянс 2024-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн G20 саммитинде БУУнун №1 — «Жакырчылыкты жоюу» жана №2 — «Ачкачылыкты жоюу» туруктуу өнүгүү максаттарын илгерилетүү үчүн түзүлгөн. Учурда альянстын курамына 104 мамлекет кирет.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар