“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагын ишке ашыруу боюнча иштер күчөтүлөт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагын түзүү боюнча мыйзамды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Жыйында Ысык-Көл облусунун аймагында өзгөчө укуктук режимге ээ болгон инвестициялык аймакты түзүү, ошондой эле англис укугун колдонуу менен талаш-тартыштарды жөнгө салуучу көз карандысыз эл аралык борборду ишке киргизүү маселелери каралды.

Маалым болгондой, “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагын түзүү тууралуу мыйзам Президенттин тиешелүү жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган. Аны ишке ашыруу үчүн мыйзам алдындагы актыларды даярдоону камтыган Жол картасы бекитилген.

Жыйындын жүрүшүндө мыйзамды ишке ашырууну тездетүү, пайда болуп жаткан көйгөйлөрдү аныктоо жана аларды чечүү боюнча так чаралар белгиленип, тиешелүү протоколдук тапшырмалар берилди.

Ошондой эле Юстиция министри Аяз Баетов жана англис укугу боюнча консультанттар эл аралык инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салуучу борбордун түзүлүшү, иштөө механизми жана келечеги тууралуу презентация жасашты.

Белгиленгендей, “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун арттырып, ички жана чет элдик инвесторлор үчүн заманбап, ишенимдүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү шарттарды түзүүгө багытталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз