Быйыл 9000ден ашуун айыл чарба техникасы лизингге берилди

Кыргызстанда айылдык товар өндүрүүчүлөргө айыл чарба техникалары жана кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар жеңилдетилген шарттарда лизингге берилип жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, банктар аркылуу дыйкандарга жылдык 6 пайыздык үстөк менен 7 жылдык мөөнөткө лизинг сунушталууда. Мамлекеттик колдоонун алкагында бүгүнкү күнгө чейин жалпы суммасы 21,8 млрд сомду түзгөн 9016 даана техника лизинг жолу менен берилген. Анын ичинен 2025-жылы 7,2 млрд сомго 2029 техника дыйкандарга тапшырылган.

Берилген техникалардын түрлөрү:

  • тракторлор — 854 даана;

  • комбайндар — 56 даана;

  • айыл чарба машиналары — 407 даана;

  • кайра иштетүү жабдуулары — 13 даана;

  • атайын техникалар — 709 даана.

Министрлик акыркы жылдары айыл чарбасындагы машина-трактор паркын жаңылоо жана дыйкандарды заманбап техника менен камсыз кылуу багытында бир катар иштерди жүргүзүп келет.

Белгиленгендей, 2011-жылдан бери Министрлер кабинетинин колдоосу менен «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» аркылуу 7 лизинг долбоору ишке ашырылып, айыл чарба техникаларын жана жабдууларын лизингге берүү системалуу түрдө улантылууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз