Токио шаарынын Уэно зоопаркында жашаган эгиз пандалар Сяо Сяо жана Лэй Лэй январь айынын аягында Кытайга кайтарылат. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Kyodo News агенттиги кабарлады.
Саясий келишимге ылайык, пандаларды ижарага алуу мөөнөтү 2026-жылдын февраль айында бүтөт. Эгиз пандалар Уэно зообагында төрөлгөндөн бери жашап келишет.
Буга чейин Япония 2025-жылы Вакаяма префектурасындагы зоопартан төрт панданы Кытайга кайтарган. Ошондон кийин өлкөдө жалгыз пандалар Сяо Сяо жана Лэй Лэй болуп калган.


