Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыКазакстанда – Искусстволук интеллект жана санариптик өнүгүү министрлиги түзүлдү

Казакстанда – Искусстволук интеллект жана санариптик өнүгүү министрлиги түзүлдү

Казакстанда жаңы мамлекеттик орган – Искусстволук интеллект жана санариптик өнүгүү министрлиги түзүлдү. Тиешелүү жарлыкка президент Касым-Жомарт Токаев кол койду.

Жаңы министрлик — мурдагы Санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлигинин негизинде реорганизациялоо жолу менен уюштурулду. Инновациялар багыты болсо Илим жана жогорку билим берүү министрлигине өткөрүлүп берилет. Өкмөткө мамлекеттик органдар менен алардын карамагындагы мекемелердин штаттык бирдиктерин кайра бөлүштүрүү тапшырылды.

Токаев бул демилге тууралуу сентябрдагы кайрылуусунда айтып, өлкөнүн жаңы технологиялык доорго кириши үчүн мамлекеттик башкаруу тутумун заманбаптап, аны ачык-айкын, натыйжалуу жана адамга багытталган кылуу зарылдыгын белгилеген.

Жаңы министрликти вице-премьер даражасындагы адис жетектемекчи. Негизги милдети – экономиканы жаңылоо үчүн жасалма интеллектти киргизүү жана бирдиктүү Digital Qazaqstan концепциясын иштеп чыгуу болот. Бул стратегия өлкөдөгү бардык санариптик долбоорлорду бириктирет.

Мындай түзүмдөр дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да бар. Мисалы, Бириккен Араб Эмираттары 2017-жылы эле Искусстволук интеллект боюнча министрлик түзгөн. Ал эми жакында Албания эксперименталдык кадам таштап, мамлекеттик сатып алууларды башкаруу үчүн ИИ-негизиндеги министрди – Диэлланы дайындады. Өкмөт бул жаңычыл ыкма коррупцияны азайтууга жардам берет деп эсептейт.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар