whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.11.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыШавкат Мирзиёев менен Дональд Трамп жолугушту

Шавкат Мирзиёев менен Дональд Трамп жолугушту

23-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен АКШ президенти Дональд Трамп жолугушту.

Жолугушуунун алдында Өзбекстан АКШдан 22 “Боинг” учагын сатып алуу боюнча жалпы көлөмү 8 миллиард долларлык келишимге кол койгону маалым болгон. Дональд Трамп бул жаңылыкты социалдык тармактагы билдирүүсүндө жогору баалап, келишим АКШда 35 миңдей жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болорун белгиледи жана Мирзиёевди “сөзүнө турган адам” деп мактады.

Ошондой эле Өзбекстан америкалык Traxys компаниясы менен сейрек кездешүүчү металлдарды иштетүү боюнча 1 миллиард долларлык келишимге кол койду.

АКШ президентинин администрациясынын кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси, Ташкентте төрөлгөн Сержио Гор бул келишимдерди “тарыхый чечимдер” деп мүнөздөп, эки өлкөнүн ортосунда дагы бир катар ири долбоорлор пландалып жатканын билдирди.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар