whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.11.2025
7.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖетекчилик Актан Арым Кубатты эл аралык сыйлыгы менен куттуктады

Жетекчилик Актан Арым Кубатты эл аралык сыйлыгы менен куттуктады

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Шанхай эл аралык кинофестивалында «Кара Кызыл Сары»  тасмасы менен жеңишке жетишкен Кыргыз Республикасынын эл артисти, кинорежиссер Актан Арым Кубатты кабыл алды.

Эдиль Байсалов республика жетекчилигинин атынан Актан Арым Кубатты эл аралык сыйлыгы менен куттуктап, кыргыз кино өнөрүнүн өнүгүшүнө жана Кыргызстандын маданий аброюн дүйнөдө таанытууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал бул жеңиш жалпы өлкө үчүн маанилүү окуя экенин баса белгиледи.

«Кыргызфильм» киностудиясында жазуучу Топчугул Шайдуллаеванын новеллаларынын негизинде тартылган «Кара Кызыл Сары» тасмасы 27-Шанхай эл аралык кинофестивалында “Эң мыкты толук метраждуу тасма” номинациясында башкы сыйлыкка — “Алтын Гоблет” (Golden Goblet Award) ээ болду.

Тасма Баткен облусунун келечекке үмүт арткан келинин тагдырын поэтикалык жана терең формада баяндайт. Анда сүйүү, жоопкерчилик, миграция жана чек арадагы жашоо сыяктуу маанилүү темалар козголот.

Жолугушуунун жүрүшүндө Эдиль Байсалов менен Актан Арым Кубат өлкөдө кинематография тармагын өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашышты.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар