Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргыз тарап Лесотону 2027-жылы саммитке кошулууга чакырды

Кыргыз тарап Лесотону 2027-жылы саммитке кошулууга чакырды

25-апрелде «Туруктуу өнүгүү үчүн Глобалдык тоо диалогунун» алкагында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Лесото Королдугунун Вице-премьер-министри Нтоменг Маджара менен жолугушту.

Маалыматка ылайык, маектин жүрүшүндө Эдил Байсалов Кыргызстан тоолуу өлкө катары туруктуу өнүгүүгө, климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашууга жана тоолуу аймактардагы базалык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого өзгөчө маани берерин белгиледи.

 

Кыргыз тарап Лесотону «Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдык планын» ишке ашырууга жана 2027-жылы «Бишкек+25» саммитине кошулууга чакырды.

Ошондой эле экономика, айыл чарба, энергетика жана логистика тармактарындагы эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланганы айтылды.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар