whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.03.2025
20.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомАлгачкы кызыл командир Арстаналы Осмонбеков

Алгачкы кызыл командир Арстаналы Осмонбеков

Улуттук илимдер академиясынын жыйындар залында алгачкы кызыл командир Арстаналы Осмонбековдун өмүр жолуна арналган илимий конференция жана М.Кабаевдин “Слово о воинской доблести красного командира” аттуу китебинин бет ачары өттү.

Арстаналы Осмонбеков Наманган уездинин Кыркуул болуштугунун Тегене кыштагында төрөлгөн.Түркстанда жана Кыргызстанда Совет бийлигин чыңдоого жигердүү катышкандардан. Наманган орус-тузем мектебинде окуган. 1-дүйнөлүк согуш учурунда Белоруссияда оорук жумуштарында иштеген. 1919-жылы аксылык  кыргыздардын ыктыярдуу атчандар кошуунун түзгөн. 1920-жылы Кыргыз атчандар дивизионуна командир болуп, басмачыларга каршы күрөшкөн. Калыбай, Аман палван жана башка корбашыларды талкалоого катышып, “Кызыл Туу” ордени менен сыйланган.

Жалал-Абад жана Талас аймактарында партиялык, советтик кызматтарда, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Аксы районунда колхоз башкармасынын төрагасы болуп иштеген.

Кыргыз АССР Советтеринин 1-уюштуруу съездинин делегаты.

Атасы Жангарач уулу Осмонбек Наманган уездинин Аксы аймагына бир нече жолу шайланган белгилүү болуш болгон. 1916-17-жылдардагы аскер-оорук жумуштарына атасынын каршылыгына карабай, “Оорук жумуштарына жалаң кедей-кембагалдардын балдары кетип жатат, алардын бири да орусча билбесе, ал жактан алар кантип нан сурап жейт да, кокус ооруп калса, кантип сыркоолоп калганын түшүндүрөт? Булардын убалы кимге?” –  деп өз каалоосу менен кеткен. Ошол оорукка кеткендердин баарын кайра өз мекенине аман-эсен апкелген. Басмачыларга каршы күрөштө ошол кыйын күндөрдөгү достору анын кызыл атчандары болуп калышкан.

Өзү болуштун баласы болгондугуна карабастан, адамзаттын турмушундагы өзгөрүүлөрдү баамдап, эмгекчил адамдардын тагдырынын өзгөрүшүн колдогон. Басмачылар менен күрөшүүдө өз тагдырынан, туугандарынын кызыкчылыктарынан, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюп, бардык күч аракеттерин жана тажрыйбасын жумшаган.

Алгачкы кызыл командир Арстаналы Осмонбековдун бир тууган жээни, КР Билим берүү академиясынын вице-президенти, психология илимдеринин кандидаты, доцент Тууганбай Коңурбаев Осмонбек болуштун түштүк чөлкөмүндө таасири чоң болгонун, өз болуштугунун аймагында жашаган  адамдардын жашоо шартына көз салып турганын, орустардын ордун көрө билип, балдарын Наманган уездиндеги орус-тузем мектептеринен билим алууга үндөгөнүн белгилейт.

– Эс тарткандан таятам Жангарач уулу Осмонбек тууралуу чоң энемден жана апамдан көп аңгемелерди уктум. Айтымда Жангарач уулу Осмонбек (1848) Наманган уездинин жалпы эле Аксы регионунда бир нече жолу шайланган белгилүү болуш болгон. Анын болуштугунун чегине: Тегене, Ак-Жол, Ак-Суу, Таш-Көмүр, Кызыл-Жар, Кара-Көл, Токтогул районунун элдүү пункттарынын айрым бөлүктөрү жана Өзбек Республикасынын Наманган областына караштуу Янги-Курган, Риштан, Заравшан, Азирети-Шаа, Бышкаран, Кыз-Рават, Чартак ж.б. айылдар кирген. Бүгүнкү күнү Осмонбек болуштун урпактары: Тегенеде, Ак-Сууда, Ак-Жолдо, Таш-Көмүрдө, Кызыл-Жарда, Кош-Дөбөдө, Кара-Көлдө, Таласта, Жалал-Абадда, Ошто, Бишкекте жашап жатышат. Тегенеден Жуманалы болуштун чөбүрөсү Анвар таяке баш болгон урпактары
келишкен.

Арстаналы Осмонбеков атасынын башкарган территориясын жакшы билген. Намангандан келген геодезист орустар менен орусча билбесе да, тартынбай сүйлөп, аралашып жүргөн баласынын зээнин байкап, Осмонбек болуш баласын Наманган шаарындагы орус-тузем мектебине окууга киргизген. Ошентип, Арстаналы Осмонбековго орус тилин мыкты билүүгө шарт түзүлгөн.

Ал граждандык согуштун баатыры, Белоруссияда оорукта кедей-кембагалдардын катарында кызмат кылган, М.В.Фрунзенин соратниги болгон. Кыргызстандын түштүк регионунда толук, Өзбекстандын жана Тажикстандын чек араларына чейинки аралыктагы басмачыларды жок кылууну уюштургандыгы, башкаргандыгы  Арстаналы Осмонбековду кыргыз мамлекетин түптөгөндөрдүн катарында деп айтууга негиз берет. Ал гана эмес Кызыл аскерлер тоолуу район-дордо басмачыларга каршы согушууда бир нече жолу Арстаналы Осмонбековго кайрылышып, анын аскердик тактикасына, согушту башкаруу стратегиясына муктаж болушкандыгы баяндалат. Бул жерде белгилей кетчү жагдай, Арстаналы Осмонбековдун маселени чечүүдө кызуу кандуулукка алдырбастан, жагдайды, адамдардын тагдырын эске алуу менен коюлган маселени калыс, объективдүү чече билгендиги жана элдик дипломатияны мыкты өздөштүргөндүгү аны менен бирге жүргөндөрдүн баяндарында көрүнүп турат. Ал көп учурда басмачыларды Кызыл Армиянын катарына тартып, айрым адашып башка жолго түшүп алгандарды, совет бийлигине, кеңеш өкмөтүнө кызмат кылууга чакырган.

Арстаналы Осмонбековдун агартуучу катары тарыхта изи калды. Кыргыз билим берүүсүнүн 100 жылдыгы 2024-жылы белгиленсе, 2023-жылы май айында Аксы районунун Ак-Суу айылында Арстаналы Осмонбеков атындагы мектептин 100 жылдыгы белгиленди. Демек, Арстаналы Осмонбеков ашар жолу менен өзүнүн каражатына курган 3 корпустан турган жатак-мектеп, кыргыз мамлекеттик билим берүү системасынан бир жаш улуу. Арстаналы таякем: “Биздин балдар элдин балдарынан артта калбасын, билим алышсын”, – деп айтчу экен. Ал бул оюн ишке ашыруу үчүн, басмачыларды жок кылгандан кийин Намангандан 45 устаны алып келип, 12 классы менен 3 корпус курдурган. Мугалимдерди да Намангандан алдырган, алгачкы мугалимдер: Шарафиддинов Абдыкадыр, Гафуров Сабиржан, Хасановдор болушса, ал мектептин босогосун биринчи аттагандар: Темиркул Үмөталиев, Жоомарт Бөкөнбаевдер болушкан. Жүз жылдын аралыгында миңдеген бүтүрүүчүлөр бүтүп мамлекеттик, коомдук иштерди аркалап келишти. Азыр да окуучулар жаңы корпуста билим алып жатышат.  Мындан Арстаналы Осмонбеков аскердик тактик, стратег гана эмес, агартуучу, элдин сабаттуулугун, келечегин ойлогон  инсан болгон деп айта алабыз, – дейт жээни Т.Коңурбаев.

Кыргызстандын түштүгүндө басмачыларга каршы жергиликтүү ыктыярдуу топтордон атчандар дивизионун түзүп, Өзбекстандын жана Тажикстандын территориясына чейин басмачыларды жойгон алгачкы кызыл командир, кыргыздардын арасынан биринчилерден  болуп “Кызыл Туу” орденинин ээси болгон Арстаналы Осмонбековдун басып өткөн жолу чындыгында эле даңазалуу.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар