Элдин эсинде болсо 2021-жылы ноябрь айында өлкө башчысы Садыр Жапаров эл менен жолугушуу учурунда республикадагы өтө кооптуу эмес жайларга курулган мыйзамсыз үйлөрдүн баары мыйзамдаштырыларын айткан. Декабрь айынан тарта Министрлер Кабинетинин №388 токтомунун негизинде Бишкек шаарынын тегерегиндеги жаңы конуштарда курулган үйлөргө текши Техникалык паспорт берилип баштаган. Кийинчерээк элге жер укугуна ээлик кылуу укугун ырастоочу мамлекеттик актыларды (кызыл китеп) берүү да колго алынган. 20-30 жылдан бери жашаган үйүн, жер участогун мыйзамдаштыра албай келгендердин далайлары кызыл китептерге ээ болушуп, жашаган жери боюнча катталууда, дарыланууда, балдарды мектеп, бала-бакчаларга берүүдө, кыймылсыз мүлктү сатуу, сатып алууда бир топ жеңилдиктер жаралган. Бирок, жер участокторун мыйзамдаштыруу иши ар кандай жүйөөлүү, жүйөөсүз себептерден улам создуктурулуп, ушул тапта да жүздөгөн адамдар Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Бишкек филиалы, “Бишкек башкы архитектурасы” мамлекеттик мекемеси жана Жеке турак жай куруу департаментинин ортосунда убара тартып, үйлөрүнө документ ала албай келишет. Мунун себеби эмнеде экенин билүү максатында үч мамлекеттик мекеменин жетекчилерине, Биринчи май райондук администрация башчысына жана карапайым элге кайрылдык.
Мирлан ИСМАИЛОВ, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин директору:
“Ким кызыл китеп алып,
ким албасын айта албайбыз”
– Мирлан Чынгышбекович, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Бишкек филиалынын шаардыктардын жер участокторун мыйзамдаштырууда негизги милдети кандай?
– Биздин мекеме жарандарга укук ырастоочу документтердин негизинде укук күбөлөндүрүүчү документтерин берет. 2021-жылы жер мамилелерин жөнгө салуу боюнча мыйзам чыккан. Азыр жер мунапысы боюнча көп иш ушул мыйзамга ылайык жүргүзүлүп жатат. Ар бир төрт райондо райондук комиссиядан токтомдор чыгат. Ошол токтомдорду каттап, эл ичинде айтылып жүргөн кызыл китепти биз беребиз. Бүгүнкү күндө 3200дөн ашык мамлекеттик акт бердик. Райондордон болсо 4200гө жакын токтом чыгып калды. “Бишкек башкы архитектурасы” жер тилкелерин чийип берип, тиешелүү органдардын документтеринин негизинде корутунду чыгарып райондук комиссияларга жөнөтөт. Комиссия ал корутундуну карап өз чечимин чыгаргандан кийин аким жер бөлүнүп берилсин деген токтом чыгарып берет. Токтом бизге келет, анын негизинде жер участогун текшерип туруп жер ээсине укук күбөлөндүрүүчү документин беребиз. Андан сырткары, шаар ичинде өз убагында укук күбөлөндүрүүчү документтерин ала албай калгандардын документтерин каттап беребиз.
– Президент Садыр Нургожоевич, 2021-жылы ноябрда Кыргызстан боюнча бир дагы кызыл китеби, техпаспорту жок үй болбош керектигин айтып, 2022-жылдын май айынын аягына чейин бул маселени чечүүнү тиешелүү органдарга тапшырган эле. Бирок, ушул кезге чейин жаңы конуштарда жашагандар текши мамлекеттик актыны ала албай жатышканына эмне себеп болуп жатат?
– Биздин мекеме 2021-жылдын декабрь айынан тарта өкмөттүн №388 токтомунун негизинде мыйзамсыз курулган үйлөрдүн бардыгына Техникалык паспорт жасай баштаган. Ушул күнгө чейин биз 12 500 Техникалык паспорт жасап бердик. Андан кийинки жумуш кызыл китеп. Ар бир төрт райондо комиссия бар. “Бишкек башкы архитектура” үй салууга болот, болбойт деген корутунду чыгарат. Биз болсо укук катталган, катталбаган деп беребиз дагы, ошону райондук комиссия бул жерди берсе болот же болбойт деп карайт. Быйыл биз бул ишти бүтүрөлү деп жатабыз. Ошондуктан жарандар Жеке турак жай департаментине арызын киргизип коюшса каралып кете берет.
– Ооба, сиз айткандай көпчүлүк Техникалык паспортторун алышты. Эми ошолордун баарына кызыл китеп берилеби?
– Шаардын ичин алсак шаардык таштанды полигону, сибир жарасы жайылчу жерлер, корголгон зоналар, паркка түшүп калган жер участоктору бар. Мына ушунун баарын “Бишкек башкы архитектура” карап, шаардык генпландын негизинде корутундусун берет. А бизде андай маалыматтар жок. Биз каттоочу гана органбыз. Токтом чыгарып берсе чиймесин карап, мамлекеттик актысын берип укугун каттап коёбуз. Анан ким кызыл китеп алар албасын айта албайбыз. Анын баары курулуш нормаларына жана эрежелерине (СНиП) жараша болот. А мыйзамсыз курулган үй болсо бул мыйзамсыз курулган деген мөөр менен Техникалык паспорт бере беребиз.
Урмат КАРЫБАЕВ, “Бишкек башкы архитектурасы” муниципалдык мекемесинин жетекчиси:
“Өтө кооптуу жайлардагы жер участокторуна кызыл китеп берилбейт”
– Урмат Карыбаевич, шаардыктардын жер участокторун мыйзамдаштырууда «Бишкек башкы архитектурасы» муниципалдык мекемесинин негизги милдети, миссиясы кандай?
– “Бишкек башкы архитектурасынын” жер участокторун мыйзамдаштыруудагы негизги милдети – буга чейин элге берилген Техникалык паспорттордун негизинде архитектуралык шаар корутундусун жасоо. Анан ал корутундуну райондук комиссияларга жөнөтөбүз. Комиссияда корутунду жактырылса, ал “Кадастр” мамлекеттик мекемесине жөнөтүлүп, шаардыктар Жер участогуна ээлик кылуучу мамлекеттик актыларын алып кетишет.
– Кайсыл комиссия, ошону тактай кетсеңиз?
– Жергиликтүү бийликте ар бир районго тиешелүү жер комиссиялары бар. Мэрияга караштуу Жеке турак жай куруу департаменти бар. Ал комиссиянын төрагасы болуп уюштуруучу катары эсептелет. Ошол жактан баары тандалып жөнөтүлөт.
– Президент Садыр Жапаров төрт жыл мурун үйлөрдү мыйзамдаштыруу тапшырмасын тиешелүү органдарга тапшырган. Бирок, ушул кезге чейин жаңы конуштарда жашагандар текши мамлекеттик актыны ала албай жатышат. Буга эл сиз жетектеген мекемени айыптап келет…
– Туура айтасыз, 2021-жылы жер мунапысы боюнча президенттин жарлыгы, кийин 2022-жылы май айынын аягында Министрлер Кабинетинин жер мунапысы боюнча токтому чыгып, атайын мыйзам иштелип чыккан. Ал мыйзамда жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларына, санитардык полигондорго, кызыл зоналарга өтө жакын салынган үйлөргө мамлекеттик акт берүүгө болбойт деген шарттар каралган болчу. Анан биз биринчи этап менен санитардык, инженердик нормаларды бузбаган, кызыл зонага кирбеген 3 миңге жакын объектке мамлекеттик акт чыгарып бердик. Экинчи этабында, орточо оордуктагы, башкача айтканда, жашыл, социалдык, маданий жана турмуш-тиричиликтик зоналарга, коргоого алынган аймактарга, жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларынын ордуларына кирип калган жер участоктору кайра каралып, токтомдор өзгөртүлдү. Ошонун негизинде бейиттердин, темир жолдордун, санитардык зоналардын нормативдери кыскартылды. Натыйжада дагы жүздөгөн шаардыктардын жер участоктору мыйзамдаштырылды. Бирок көйгөй толук жоюлган жок. Анан жаңы токтомдун негизинде кызыл сызыктагы үйлөрдү да мыйзамдаштырып бердик. Үчүнчү этапта өтө кооптуу жайлардагы объектилер калган. Аларга да схема түзүп бир тобун чечип бердик. Жалпысынан айтканда, Бишкек шаары боюнча 8950 арыз түшүп, 4863ү толук канааттандырылып, алар мамлекеттик актыларын алып жатышат. Калган иштерди ушул жылдын ортосуна чейин жыйынтыктап бүтөбүз деген ойдобуз. Бирок, ачыгын айтыш керек, кээ бир өтө кооптуу жайларга үй салып жашап алгандарга документ берилбейт. Муну азыр элге туура түшүндүрүп жатабыз. Кыскасы, калктын 90 пайызыныкын мыйзамдаштыруу менен ишти жыйынтыктайлы деген максатыбыз бар.
– Өзүңүз айткандай эки жыл мурун кооптуубу, кооптуу эмес жайдабы, айтор, жаңы конуштагылардын баарына текши Техникалык паспорт берилди. Эми алардын баарына эле Жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу мамлекеттик актысы берилеби же айрымдарына берилбей да калышы
ыктымалбы?
– Аты айтып тургандай Техникалык паспорт бул юридикалык эмес техникалык документ. Бул документти мамлекет жарандар, балдар бала бакчага, мектепке, ооруканаларга каттоого турушу үчүн жасап берди. А юридикалдык документ бул жерге ээлик кылуу укугун берген мамлекеттик акт. Ошондуктан Техникалык паспорту болгон менен ал үй өтө кооптуу жайда курулган болсо андай объектилерге кызыл китеп
берилбейт.
– Мындан төрт-беш жыл мурун кызыл китепке 5 миң сомдун тегерегинде төлөм төлөнүп келсе, бүгүнкү күндө ал 30 миң сомго жакындады. Ошол эле кезде мамлекеттик актылар жаңы конуштарда шахматтык түрдө берилип жатат. Буга эмне себеп?
– Айрым жерлерде жер мунапысы жарыялана электе эле кызыл китептер берилип кеткен. Азыр биз мүмкүнчүлүккө жараша баарына тең эле кармабай берип жатабыз. Ал эми бааларына келсек мамлекеттик белгиленген калькуляциянын негизинде эле төлөм алынып жатат. Мунун баары мыйзамдуу түрдө бекитилген баалар.
– Азыр шаардыктардын бири мамлекеттик актыга (кызыл китеп) 27-30 миң сом төлөдүм десе, кай бири 40-50 миң сомдун башын айтып жатат…
– Шаардыкы мурдагы өзүбүздүн эле прейскурант, а Сокулуктуку айыл жергеси катары эсептелчү. Ошонун айырмасын айтып жатышса керек. Анан топосъемканын да баасы болушу мүмкүн. Анткени, топосъемка жердин жайгашышына карата ар кандай болот. Бирок, элдин жашоо-шартына жараша орточо баалар бекитилген. Ошону сактаганга аракет кылабыз.
Уран МУСАЕВ, Жеке турак жай куруу департаментинин директору:
“Кызыл китепке 6771 сом төлөнөт”
– Уран Мирбекович, көп жылдар бою шаардыктардын жер учас-токторун мыйзамдаштыруу чоң көйгөй болуп келе жатканы белгилүү. Акыркы эки-үч жылда сиз жетектеген департамент эмне иштерди жасады?
– Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 2022-жылы 1-апрелде жер укуктарын жөнгө салуу боюнча мыйзам чыккан. Мунун алкагында, Министрлер Кабинетинин №291 токтому менен атайын жобо кабыл алынган. Жобого ылайык, мэриянын ыйгарым укуктары биздин департаментке берилген. Жер мунапысы боюнча иштерди комиссия отурумуна даярдоо жана күн тартибине чыгаруу иштерин биздин департаменттин кызматкерлери аткарат. Ошол мыйзамга ылайык төрт райондо мунапыс жүргүзүү комиссиялары түзүлгөн. Бүгүнкү күндө Бишкек шаары боюнча жалпы 29 510 арыз кабыл алынып, 217 отурум болуп, 17002 арыз каралган. Ошондой эле “Бишкек башкы архитектурасына” архитектуралык корутунду чыгарууга 12 548 арыз жолдонуп, комиссия тарабынан 6688 арыз жактырылды. Андан тышкары акимиаттарда 6237 тийиштүү токтом чыккан.
– Сиз айтып жаткан райондук комиссиянын курамына кимдер кирет?
– Комиссиянын төрагасы райондук администрация башчылары болсо, мен төрт райондогу комиссия төрагаларынын орун басарымын. А менин орун басарым Чыңгыз Кемелбеков төрт райондук комиссиялардын катчысы болуп бекитилген. Андан тышкары курамда ӨКМдин, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын, коомчулуктун, “Кадастр” мекемесинин, “Бишкек башкы архитектурасынын” өкүлдөрү жана шаардык кеңештин депутаттары бар.
– Президент Садыр Жапаровдун үйлөрдү мыйзамдаштыруу тапшырмасын билесиз. Бирок 2025-жылдын февралы болсо дагы жаңы конуштарда жашагандар текши мамлекеттик актыны ала албай жатканына эмне себеп болуп жатат?
– Ооба, мыйзам кабыл алынганда 2 жылдык мөөнөт көрсөтүлгөн. Бирок, кийин тийиштүү мамлекеттик комиссия тарабынан сунуш берилип ал мөөнөт жокко чыгарылган. Аймактык территориалдык реформага (АТР) чейин 13 миңге жакын Техникалык паспорт берилген. АТРдын алкагында Бишкек шаарына 18 219 арыз өткөрүлүп берилген. Бүгүнкү күндө ошол иштер каралып жатат. Биздин жободо 2021-жылдын декабрь айына чейин салынган жана толук бүтпөгөн үйлөр мунапыска жатары так көрсөтүлгөн. Өкүнүчтүүсү учурда 2022-2024-жылдары салынып калган үйлөр, бош жаткан жер участоктору да көп болуп жатат. Андан сырткары бир жер участогун менчиктештирүү үчүн бир нече арыз жазылган, сот тарабынан чектөө киргизилген жерлер көп. Ошол маселелер комиссия иштерине тоскоолдук жараткандыктан иш создугуп кетип жатат. Буга чейин калаа башчыбыз да мыйзамдаштыруу ишин ылдамдатууну айткан. Жакында болгон өкмөттүк коллегияда дагы Министрлер Кабинетинин төрагасы 2025-жылдын аягына чейин бүтүрүүнү талап кылды. Кудай буюрса, жыл аягына чейин келген арыздарды карап бүтөбүз деп мерчемдеп жатабыз.
– Азыр мамлекеттик актыны бирөөлөр 30-40 миң сомго алдык дешсе, дагы бир жарандар 25-30 миң сом төлөшкөнүн жана бул төлөм жылдан жылга эле жогорулап бара жатканын айтышууда. Бул документке болгон мамлекеттик төлөмдүн суммасын так айта аласызбы?
– Жер участогунун чектерин аныктоого – 2166 сом, мамлекеттик акт түзүүгө – 3772 сом жана каттоого – 833 сом болуп жалпы 6771 сом төлөнөт. Эгер Техникалык паспорт жок болсо ага аванс катары алгач 1000 сом төлөнөт. Анын калган төлөмү жер участогунун конфигурациясына жараша болот.
САРЫЛБЕК уулу Улан, Биринчи май райондук администрация башчысы:
“Мунапыс мөөнөтү чектелген эмес”
– Улан Сарылбекович, 2021-жылы Президент Садыр Жапаров шаардагы жер учас-токторун эки жыл ичинде толук мыйзамдаштыруу тапшырмасын берип, бул боюнча Министрлер Кабинетинин токтому, жер укуктарын жөнгө салуу боюнча атайын мыйзам да кабыл алынган. Биринчи май районунун жер участокторун мыйзамдаштыруу комиссиясынын төрагасы катары айтсаңыз, бул иш эмне себептен аягына чыкпай создугуп жатат?
– 2021-жылдан бери жер мунапысы боюнча 5 миңден ашык арыз бар болчу. 2024-жылы биз 51 комиссия отурумун өткөрүп 3470 материалды карап чыгып, 1089 документ боюнча токтом чыгардык. Ал токтомдун негизинде анан алар кызыл китеп алышат. Жалпысынан азыр бизде 1300дөй токтом чыгарылды. Айта кетчү нерсе, биз санитардык зонага кирбеген, мыйзамдуу кызыл сызыкка тийбеген үйлөргө тез эле корутундуларды даярдап, бат-баттан чечим чыгарып берип жатабыз. Азыр мүрзөлөрдүн санитардык зонасына, жогорку чыңалуудагы чубалгылар зонасына салынып калган үйлөрдү мунапыска киргизүү максатында санитардык зоналарды кыскартуу аракеттерин көрүп жатабыз. Ал тургай кызыл сызыкка кирип калган үйлөрдүн да маселесин чечкенге далалат кылуудабыз. Алсак, Ак-Босого жаңы конушунун Манас көчөсүндө кызыл сызыкка кирип калган үйлөр бар экен. Схемага өзгөртүү киргизип ошол жердеги 250дөй үйдү мыйзамдаштырганы жатабыз. Ошол эле жаңы конуштун Саадаева көчөсүндөгү 160 жер участогун мунапыска киргизүү мүмкүнчүлүгүн алдык. Аска-Таш жаңы конушунун эки негизги көчөсүндөгү, Мурас-Ордодогу парк аймагына 20 жыл мурун түшүп калган 400дөй үйдү мыйзамдаштыруу максатында схемаларды өзгөртүп, турак жай курулушу кылып бекиттик. Ошону менен бирге эле өткөн жылы мунапыска жатпай турган, жери айыл чарба багытындагы, 2023-жылы курулган 100дөн ашык фундаментти буздук. Ошентсе да азыр сибир жарасы көмүлгөн, бир эле жер участогунун эки ээси чыгып калган жайлар да бар. Алсак, Балбан-Таймаш, Бугу-Эне жаңы конуштарында мындай маселелер бар. Иштин создугуп кетүүсүнө ушундай жагдайлар себеп болуп жатат.
– Алтын-Казык, Калыс-Ордо жаңы конуштарынын айрым жашоочуларына жер участогуңар санитардык полигонго, кө-рүстөнгө жакын жүйөөсү менен мамлекеттик акты берилбей жатат. Ошол эле кезде бир эле аймакта жашаган жашоочуларга шахматтык түрдө кызыл китеп берилип жатат. Бул боюнча эмне дейсиз?
– Ал жакта 1200дөй адамга Техникалык паспорт берилген. Бүгүнкү күндө көрүстөндүн санитардык зонасына кирип калган үйлөрдүн маселесин карап жатабыз. Келечекте 300 метрлик санитардык зонаны 50 метрге чейин кыскартсак ал үйлөрдү толук кандуу мыйзамдаштырууга шарт түзүлөт. Шахматтык түрдө мамлекеттик акты берилгени, балким, айрымдар мунапыска чейин кызыл китептерин бүтүрүп алышы мүмкүн. Калыс-Ордонун күн батыш тарабында 400дөй үй бар болчу, аларды карап чыгып корутундуларды даярдоого бердик. А таштанды полигонунун санитардык зонасы 1000 метр. Сиз айткан Алтын-Казык жаңы конушунда убагында өзүм билемдик менен жер басып алуулар болгон. Санитардык зонаны азайтыш үчүн азыр ал жакта таштандыны утилдештирүү заводун куруп жатабыз. Завод ишке кирип, таштанды полигону толук жабылса санитардык зонаны бир аз кыскартсак болот. Болгону азыр карапайым эл мунапыстын мөөнөтү бүтүп калат деген ойдо дүрбөлөңгө түшүп жатат. А негизи мунапыс мөөнөтү чектелген эмес. Буюрса бул жылы коопсуз жерлерге жайгашкан жер участокторун мыйзамдаштырууну аягына чыгабыз деп турабыз. Болгону өтө кооптуу жерлер маселеси кийинкиге калып калышы ыктымал.
Өмүрбек АБИРОВ, Арча-Бешик конушунун жашоочусу:
“27 жыл жашаган үйүбүзгө кызыл китеп ала албай жүрөбүз”
– Биз 2024-жылдын май айынан бери Ленин районуна караштуу Арча-Бешик жаңы конушундагы 1998-жылдан бери жашаган үйүбүздүн жер участогуна кызыл китеп ала албай убара болуп жүрөбүз. Тиешелүү башка документтердин бардыгы бар, болгону эле мамлекеттик акты жок. Бир жылдан бери топосъёмка керек, тиги керек, бул керек деп эле убара кылып жатышат. “Бишкек башкы архитектурасына” барсак бир-эки айдан кийин келгиле дейт. Айткан убакытта барсаң Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Бишкек филиалына баргыла дешет. Бул жакка келсек “Кабыл албайбыз” дешет, кайра “Бишкек башкы архитектурасына” барабыз. Келсек 1:200 масштаб чыгарып келгиле дейт, аны чыгартып келебиз. Айтор, ары-бери чуркай берип жадаганыбызда биздикиндей көйгөйлөрү бар 15 киши “Бишкек башкы архитектурасынын” директору Урмат Карыбаевге кирдик. Алар документтерди алып калышып, – “Бара бергиле, биз жасап беребиз” дешкен. Январда тапшырдык эле минтип февралда барсак, кайра алар жасабайбыз деп бул жакка жиберишти. Өзүңүздөр көрдүңүздөр, бул мекеменин алдында бизге окшогон 500дөй киши котолоп жүрөт. Алардын көбү азыр каякка барып, документти кантип алышты билишпей баштары маң. Бул маселе качан чечилет билбейм. Кыргызстанда деги өзү мыйзам иштейби?! Ушинтип эле эки мекеме бири-бирине шылтап жүрө береби? Тиякка акча төлөгүлө дешет аякка төлөйбүз, буякка акча төлөгүлө дейт буякка төлөйбүз.
Гүлжамал АРЗЫБАЕВА, Калыс-Ордо жаңы конушунун тургуну:
“20 жылга жакын ийнеде отургандай жашап жатабыз”
– Биз Калыс-Ордо жаңы конушунун 104-көчөсүнүн 11-үйүндө турабыз. Бул жерди Биринчи май райондук администрация башчысы Марс Саккараевдин колу коюлган чечим менен 2005-жылы алганбыз. Ошондон бери ушул жерде жашайбыз. 2021-жылы ошол чечимдин негизинде Техникалык паспорт алганбыз. Бул документти алып жатканда кийин кызыл китеп аласыңар дешкен. Президент Садыр Жапаров ошол жылы бардык үйлөргө кызыл китеп берилет дегенде абдан сүйүндүк эле. Бирок, эмнегедир ушул кезге чейин жер участогубузду мыйзамдаштыра албай келебиз. Былтыр “Бишкек башкы архитектурасына”, “Жеке турак жай куруу” департаментине, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигине барып бардык тиешелүү документтерди тапшыргам. Кызыл китеп ана берилет, мына берилет болуп жатканда Москва, Ж.Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Бирдиктүү терезеге” бардым. Ал жактагылар анын каршысындагы Жеке турак жай курулуш департаментинин кызматкерлери отурган имаратка жиберишти. Барсам ал жердеги балдар “Эже сиздикине кызыл китеп чыкпайт экен. Сиздин үй көрүстөнгө жакын экен” деп коюшту. Ошол эле кезде Алтын-Казык, Калыс-Ордо-2 жаңы конуштарындагы көрүстөнгө биздикинен да жакын айрым үйлөргө кызыл китеп берилгенин угуп жатабыз. Менин маңдайымдагы кошуналарымдын үйлөрүнүн деле кызыл китептери бар. Өкмөт жарандардын бирине бербей, бирине берип кыйнабай чечип берсе жакшы болмок. Ишенсеңер жыйырма жылга жакын убакыттан бери ийнеде отургандай жашап жатабыз.