whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.06.2025
21.6 C
Бишкек
Башкы беткеЖогорку кеңешЖогорку Кеңеш М.Мамбеталиевди маданият министр кызматына талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш М.Мамбеталиевди маданият министр кызматына талапкерлигин жактырды

Депутаттар Мирбек Мамбеталиевди маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри кызматына дайындоого макулдук берди.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети бүгүн, 25-февралда маданият министри кызматына Мирбек Мамбеталиевдин талапкерлигин карады. 

Мирбек Мамбеталиев 1980-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин жана президентке караштуу Мамлекеттик Башкаруу академиясын бүтүргөн.

Эмгек жолун Өкмөткө караштуу Ишкердикти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын финансы-экономикалык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси кызматынан баштаган.

Андан кийин «ишкердикти өнүктүрүү фонду» акционердик коомунун жетектөөчү адиси, башкы адиси, сектор башчысы, финансы-экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы кызматтарын аркалаган.

Ошондой эле Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинде, Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясында, Жогорку Кеңеште, министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинде, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияда иштеген.

Мындан сырткары президенттин мамлекеттик №2 резиденциясында жана мамлекеттик мекеме президенттин Мамлекеттик №1 резиденциясында, президенттин жана өкмөттүн Иш башкармалыгында эмгектенген.

Буга чейин президенттин администрациясында уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүндө иштеген.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар