Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖок болуу коркунучундагы тилдер

Жок болуу коркунучундагы тилдер

Баарыбыз билгендей эле, тил ар бир элдин тарыхын, салтын, баалуулуктарын сактап келген. Сактоо менен эле тим болбостон, маданиятта жана коомдо туруктуулукту камсыздап турган эӊ  маанилүү каражат жана чоӊ  байлык. Биз 23-сентябрь күнү эле эне тилибизди даӊ ктап калбай, ар күнү эне тилде сүйлѳѳнү адатка айлантууга тийишпиз.
Жоголуу коркунучундагы тилдер
Etnologue эл аралык тилдер каталогунун 2024- жылдагы маалыматына ылайык, дүйнѳ жүзүндѳ 7100гѳ жакын тилдер орун алган. Бирок, алардын жарымына жакыны кийинки жүз жылдыкта толугу менен жок болуу коркунучунда турат.
Юнесконун атайын коркунучтагы тилдер картасынан биз Азиядагы уди тили, тофа тили, айну сыяктуу тилдердин жок болуу коркунучунда экенин кѳрѳ алабыз. Уди тилин Азербайжан менен Грузиянын жашоочуларынын 8-10 миӊ ге жакыны гана билишсе, ал эми тофа тили Россиянын Сибиринде 30дай гана кишиге маалым экен. Ошондой эле Европадагы Латвиянын ливон тилин жана Британиянын XX кылымда жоголуп кеткен корн тилин кайра жандандыруу аракеттери кѳрүлүүдѳ. Океаниянын маори, абориген тилдери, Америка жергесиндеги науатль, индей тилдери, Африканын бирали, хадза тилдери бул коркунучтуу тизменин сап башында турат.  Эгерде биз бул тизмеге кылдаттык менен кѳз жүгүртсѳк эӊ  чоӊ  коркунуч аз улуттуу, жазмасы жок же мамлекеттен колдоосу жок тилдерде экенин байкай алабыз. Алардын кѳбү карылар гана сүйлѳгѳн тилдер болуп, жаш муундар тарабынан кѳӊ үл кош мамиле клынгандыктан бул мурастардын ѳмүрү кыскарууда.

 Кыргыз тилинин орду

Кыргыз тилин сүйгѳн жарандарыбыз кѳпчүлүк учурда тилибиздин келечеги тууралуу тынчсызданып, жоголуу коркунучу бизге дагы жакындыгын айтып калышат.

Эл аралык изилдѳѳлѳргѳ ылайык кыргыз тили жоголуу коркунучунда турган тилдердин эмес, “коопсуз” делген тилдердин катарына кирет. Анын бирден-бир себеби, Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик тил макамында болгондуктан 7 миллионго жакын эл кыргыз тилин түшүнѳт жана күнүмдүк турмушта колдонот. Ошону менен катар мектептерде, жогорку окуу жайларда кыргыз тил сабактары окутулат жана ЖМК, расмий иш кагаздары сыяктуу тармактардын ишмердүүлүгү кыргыз тилинде жүргүзүлѳт. Бирок, ошол эле учурда тилибиздин ѳнүгүшүнѳ терс таасирин тийгизген бир нече факторлор дагы бар.

Шаар жерлеринде, айрыкча борбор калаада жаштардын орусча же аралаш тилде сүйлѳшүүлѳрү нукура кыргыз тилинин келечегине залакасын келтирүүдѳ. Муну менен катар илимий жана заманбап техникалык терминдердин кыргыз тилинде толук калыптанбагандыгы жана котормолорунун жоктугу тил казынасын кыйла эле азайтып жаткан учуру. Мисалга алсак, түрк тилиндеги «bilgisayar» деген сѳз түз эле маанисинде компьютерди түшүндүрсѳ, кыргыз тилибизде бул сыяктуу мисалдар аз кездешет. Дагы бир олуттуу маселелердин бири, ата-энелер балдарынын кыргыз тилинде билим алуусуна эмес, чет тилдерин окуусуна басым жасоосу.

Жаӊ ы тѳрѳлгѳн наристеге эне сүтү менен эненин сѳзү милдеттүү түрдѳ керек. Ушулар аркылуу ал эр жетип, эмгектенип, чоӊ  турмушка болгон ѳзүнүн ички кѳз карашын калыптандырат эмеспи. Биз күчтүү, ѳнүккѳн деп эсептеген Америка, Кытай, Россия сыяктуу ѳлкѳлѳр ѳз маданиятын башкаларга жайылтууда ѳз тилинин күчүн колдонуп, маданияты менен бирге таасирин дагы тѳгѳрѳктүн тѳрт бурчуна арттырып жаткан учуру. Кичинекей наристенин туулган жеринин, элинин маданият, үрп-адат, каада-салт, дилин жана дини менен бирге тарыхын талдай алуусу үчүн ѳз эне тилинде ой-жүгүртүп сүйлѳй билүүсү жана ѳз тилин сүйѳ билүүсү маанилүү шарт деп ойлойм.

Кичинекей бѳбѳктѳрүбѳздѳн эми тейлѳѳ тармагындагы тилдин абалына баш бактырсак. Жѳнѳкѳй эле кѳчѳ дүкѳндѳрүнѳн тарта, кафе, ресторан, ири банк сыяктуу мекемелерде орус тилинин үстѳмдүгү байкалбай койбойт. Кээ бири кыргыз тилинде буйрутма алууну жактырышпаса, кай бири имараттын ичинде кыргыз тилиндеги ырлардын болуусун каалабаган учурлар коомубузда кайталанып эле жүрѳт. Мына ушундай тилге карата жагымсыз дискриминациялык жагдайлардан дагы улам кѳпчүлүк шаар жаштары кесиптик ѳнүгүүсү үчүн кыргыз тили керексиз дегендей мамиле жасап, ѳз эне тилинде сүйлѳѳгѳ умтулбай жатышы дагы ыктымал. Кыргыз тилин тейлѳѳдѳ гана эмес, деги эле күнүмдүк турмушубузда да башкы орунга чыгаруу тилибиздин гана ѳнүгүүсүнѳ эмес, бүтүндѳй улуттун дагы ѳнүгүүсүнѳ чоӊ түрткү жаратмак.Тилибиз, мамлекетке эле берилген байлык эмес, ар бирибизге ата-бабалардан ыроолонгон ыйык мурас, ал мураска кылдат мамиле кылуу ар бир жарандын мойнундагы  атуулдук милдет.

Сулууман Байгуттуева,
«Кыргыз Туусу» гезитинин практиканты

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар