Башкы беткеСаясат жана коомКоомУлуттук статистикалык комитеттин кызматкерлери кыскартылат

Улуттук статистикалык комитеттин кызматкерлери кыскартылат

Министрлер Кабинети 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 «Мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин штаттык санынын жогорку чеги жөнүндө» документке өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтомун бекитти. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Жаңы чечимге ылайык, Улуттук статистикалык комитеттин түзүмү жана штаттык саны кайра каралат. Өзгөртүүлөр бөлүмдүн ишмердүүлүгүн оптималдаштырууга жана анын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Такталган маалыматтарга ылайык, Улуттук статистикалык комитеттин штаттык бирдигинин жалпы саны 778ден 145 штаттык бирдикке кыскартылууда. Башкача айтканда, 80 пайыздан ашык кыскартылат.

Жаңы штаттык структура:

борбордук аппарат:

болгон — 176, азыр — 28;

аймактык бөлүмдөр:

болгон — 541, азыр — 92;

ведомстволук бөлүмдөр:

болгон — 61, азыр — 25

Кыскартуунун натыйжасында үнөмдөлгөн каражаттар Улуттук статистикалык комитеттин өнүктүрүү жана дем берүү фондуна багытталат. Жогорку көрсөткүчтөр үчүн кызматкерлерге кошумча сыйлык берүүгө жана материалдык кызыктыруунун башка жолдоруна жумшалат.

Токтом 2025-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар