whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларБилим берүүУКМКнын Академиясынын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө дипломдор тапшырылды

УКМКнын Академиясынын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө дипломдор тапшырылды

4-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын аскердик окуу жайларынын жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин Академиясынын кесиптик кайра даярдоо курстарынын бүтүрүүчүлөрүнө алгачкы аскердик наамдарды жана дипломдорду тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Камчыбек Ташиев бүтүрүүчүлөрдү окуусун ийгиликтүү аякташы жана мекенге кызмат кылуудагы кесиптик жолунун башталышы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө жаш офицерлердин антына берилгендигин, мекенчилдигин жана жогорку кесиптик даярдыгын баса белгиледи.

Өзгөчө айырмаланган курсанттарга ыраазычылык кат жана эстелик белектер тапшырылды. Аземге бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери жана жакындары да катышып, жаш офицерлерди тарбиялоого жана окутууга кошкон салымы үчүн окутуучуларга жана командачылыкка ыраазычылык билдиришти.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын атайын кызматынын тарыхында алгачкы жолу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Академиясы ачылып, анда коопсуздук багындагы кызматкерлер, чек арачылар жана башка ушул сыяктуу адистер даярдалат. 2025-жылдан баштап курсанттар УКМК Академиясында окутулуп, эми алар Россия Федерациясынын ФККсына окууга барышпайт.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар