whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКытай курган кыйыр жол

Кытай курган кыйыр жол

Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна сапар алдык. Бул иш сапарды “Жибек жолу” мекемеси уюштурду. Мындай иш-чара жыл сайын аталган мекеме аркылуу уюштурулуп турат. Максаты — Кыргыз-Кытай өлкөлөрүнүн экономикалык, маданий мамилелерин чыңдоо. Анда көргөн-бакканымды, жол сапарымды азыноолак кеп кылайын.

Үрүмчү

Үрүмчү шаары – Синьцзян автономиялуу районунун борбору. Кытайдагы ири шаарлардын бири. Калкынын саны 4,5 млн. ашык.

Учакта асмандан жерди тиктей бараттым. Боз шыбак баскан кең жайык жер. Асмандан шаар үркөрдөй эле көрүнөт эмеспи. Улам жерге жакындаган сайын асман тиреген кабат үйлөр көрүнө баштады. Учактын дөңгөлөгү жерге тийди…  Кыргызда “эшигин көрүп төрүнө өт” деген кеп бар эмеспи. Аэропортунан эле шаардын кандай экени билинип турат. Аябай чоң имарат, ичи кенен, сыртка чыкканча эле бир ай талааны басып өткөндөй болосуң. Аэропорттун эки капталында 6 кабат аябай кенен (аймагы канча билбедим) машине токтоочу жай курулган. Аэропортко келгендер машинелерин ушул жайларга токтотушат.  Бизге да ушундай машине токто-туучу жай керек дедим ичимден. Бизди Камчы деген кытай жигити тосуп алды. Кытайча аты Хайбо, биздин тилге оңой келсин дегенби айтор, Камчы болуп алыптыр. Ошентип 3 кабаттуу машине жолдон айланып түшүп, шаарды көздөй жөнөдүк…

Бир багыттагы 4 тилкелүү жол. Экинчи багыттагы жол өзүнчө экен. Үрүмчүдө дээрлик 90 пайыз жол бир багытта, биздегидей бир жолдо карама-каршы машинелер жүрбөйт экен. Жолдо жүрүү эрежелери да жакшы. Машинелер бир калыпта гана жүрүшөт. Биздегидей капталдан зуу коюп өтүп кеткен, жол тороп эрдемсинген айдоочуларды көрбөдүм. Жол чырактар (светофор) дээрлик жокко эсе. Күнүгө шаарга чыкканда эси-дартым эле жол чыракты санайм, асфальттын сапатын, тазалыкты карайм, кагылышуулар болот бекен дейм. Шаар боюнча калп айтпасам 6-7 гана жол чырак көрдүм. Жол чырактын ордуна кабат жол салышкан. Ушундан уламбы, айтор, жол тыгын да жокко эсе. Машинелердин кагылышуусун да көрбөдүм. Ал эми тешилип, оюлуп калган жол таппайсың, шаардын коен жатагына чейин зыңгыраган асфальт. Көчөдө эл аз эле жүрүшөт. Эл ташыган автобустарда да тыгын жок.

Ии баса, базар, дүкөндөрдө баалары биздегидей эле. Ал жакта кийим арзан, жалаң бренд кийимдерди кийишсе керек деп ойлопмун. Андай эмес, жупуну кийинишет экен. Айфон көтөргөн кытайды көрбөдүм. Болсо да бирин-экиндир. Анткени айфон кымбат экен. Анан калса буларың мода куушпай, акчасын сарамжал кармашат го кыязы. А бизде айфон ар экинчи жаранда бар. Жада калса, иштеп акча таба элек окуучу, студент тер көтөрүшөт эмеспи. Дегеним, биз бактылуу эл экенбиз эй, дүйнөлүк баалуу буюмдарды элден мурда колдонгон деп калдым.

Биз жаткан 33 кабаттуу мейманкана шаардын борбордук аянтынын жанында жайгашкан. Таң эрте туруп парк араладык. Улгайган адамдар тайцзи көнүгүүлөрүн жасашса, жаштары бийлешип, дене көнүгүүлөрүн жасашат. Кечинде ырдашып, бийлешип, карта койноп отургандарды көрөсүң. Дегеле диний үгүттөөнү байкай албадым. Көчөлөрүндө кызыл туулары илинип,  көрнөк-жарнактар (айрым гана жерлерде гана англисче жазылбаса) жалаң кытайча жазылып, “эй бурадар, бул жер Кытай” дегенсип, мекенди, өз улутун сыйлаган сыпайы идеологиялык мамиле жасалып жатканы билинип турду. Ишке шашылган, түртүшкөн, жөөлөшкөн, жакалашкан, сөгүшкөн адамдар, байлык, бийлик, акча деп алкынгандар жоктой. Айтор, бул элде жайбаракат жашоо уланып жаткансыйт…

Мөңгүлөрдүн атасы

Иш сапарыбыздын  1-күнү “Мөңгүлөрдүн атасы”  (Отец Ледников) аталыштагы Үрүмчү биотехнологиялык компаниясына бардык. Компания 10дон ашык продукциянын түрлөрүн чыгарат экен. Негизинен биз таза сууну атайын идиштерге куюп импортко даярдаган жерин көрдүк. Бул жеке менчик компания экен. Кытайда жеке менчик ишканаларды да мамлекет колдоого алат тура. Компаниянын жетекчисинин айтымында, ишкана турган имаратын мамлекет бекер бериптир жана салыктан да жеңилдик берилген. Жылына 50 миң тонна ичүүчү суу өндүрөт. Азыр дагы жаңы имараттар курула баштады, — дейт жетекчи. Эгер ал ишке кирсе 150 миң тонна ичүүчү суу чыгарууга жана Европага импорттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт дейт.


Кызыгы, “Муздаг”, “Тоо атасы” деп суунун аталышы кыргызча экен. Дегеним, бул сууну Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунун Актоо ооданынын Каракол айылындагы “Муз тоо” тоосунан 7546 бийиктиктеги мөңгүдөн аккан таза сууну ташып келишет тура.  Баса, бул ишканада ошол кызыл-суулук кыргыздар иштешет экен. Абдувахаб, Малик, Айымпаша аттуу улутташтарым менен таанышып, пикир да алыштык. Алар, Кыргызстан жөнүндө абдан кызыгып сурашты. Сиздердин президент Садыр Жапаровбу? – дешти. Ооба , – дедим. Кыргызстанга келгилери, көргүлөрү келишет экен. Кандаштык, улутташтык баары бир өзүнө жакын тартат тура. Жакынындай жароокер мамиле кылышып, мени автобуска чейин узатып келишип, тилпон номеримди жазып калышты…

Эл аралык порт

Андан соң Үрүмчү Эл аралык кургак портуна келдик. Кытайдагы эң чоң логистикалык борбордун (аянты 60 км2) бири дешти. Бул жерден Кытай—Европа—Борбордук Азия өлкөлөрүнө, баш-аягы 19 мамлекетке, 26 шаарга 21 маршруттук поезд каттамы менен Кытай өндүрүшүнөн чыккан товарлар жеткирилип турат. Быйылкы жылдын апрель айына чейин эле жалпы 9400 поезд жүк жөнөтүлгөн. Ошондой эле 685 эл аралык автомобилдик жүк ташылган. Бул логистикалык борбордон Казакстанга поезд 2 күндө, Россияга 8 күндө, Нидерландияга 16 күндө жетип барат экен. Ошол жерде иштеген жергиликтүү казак улутундагы Тилек Турган уулунун айтымында, негизинен Иу, Гуанчжоу жана башка шаарларынан чыккан кийимдер, автотетиктер, жер-жемиштер көп ташылат. Борбордук Азия боюнча эң көп товар Казакстанга жөнөтүлөт. Бир жылда 500гө жакын поездик каттам жүргүзүлөт. Ал эми  Кыргызстанга бир айда 30 контейнерден ашык товарлар жөнөтүлөт, – дейт Тилек. Кыскасын айтканда, Кыргызстанга келген кытай товарлары дал ушул мен барган логистикалык борбор аркылуу келет тура. Мыйзам катуу иштеген бул өлкөдө, экспорт-ко чыкчу товарлары да, дыкат текшерүү да мыкты экен. Баса, Кытай—Кыргызстан темир жолу курулуп ишке берилсе, биз жактан да товар жүгүртүү, экономикалык карым-катыш да алда канча жакшырат болуш керек деп турам…

(Уландысы бар)

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар