whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКыргызстанда кафе-ресторандарга кошумча тейлөө акысы алууга тыюу салынды

Кыргызстанда кафе-ресторандарга кошумча тейлөө акысы алууга тыюу салынды

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев коомдук тамактануу тармагында баанын ачыктыгын камсыздоого жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган жаңы эрежелерди бекиткен токтомго кол койду. Бул тууралуу маалымат Министрлер кабинетинин расмий сайтында жарыяланды.

Жаңы документке ылайык, мындан ары кафе жана ресторандар тамак-аштын негизги баасынан тышкары “тейлөө үчүн” же башка иш-аракеттери үчүн кошумча акы ала албайт. Бардык чыгымдар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы менюда көрсөтүлгөн негизги баанын ичине киргизилиши керек.

Эрежеге ылайык, коомдук тамактануу жайлары тейлөө үчүн пайыз кошпостон, кардарлар үчүн мыйзамга каршы келбеген кошумча шарттарды өз алдынча белгилей алышат. Бирок тапшырыктын негизги баасынан тышкары официанттардын тейлөөсү, тамак берүү же сервировка үчүн кошумча акы алуу мыйзамсыз болуп саналат.

Мындан тышкары, бардык баалар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы менюда, прайс-баракчада же тапшырык берүүдөн мурун кардарга жеткиликтүү болгон документте так көрсөтүлүүгө тийиш. Төлөмдүн акыркы суммасы кардарга алдын ала сунушталган баадан айырмаланбашы керек.

Өкмөт бул жаңы эрежелер негизсиз жана жашырылган төлөмдөрдү жоюуга, ошондой эле керектөөчүлөргө тамак-аштын наркы тууралуу так жана ачык маалымат берүүгө багытталганын белгиледи.

Токтом 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Өкмөттүн маалыматына караганда, ага чейинки эки жарым ай ишкерлерге жаңы тартипке ылайык ишин жөнгө салууга жетиштүү убакыт болуп саналат.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандагы айрым кафе-ресторандарда тейлөө акысы сатып алынган тамак-аштын баасынын 10%, 15% же 20% өлчөмүндө кошулуп келген. Бул практика көп учурда кардарлардын нааразычылыгын жараткан.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар