whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
12.11.2025
8.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыАргентинада 230 миллион жыл мурун жашаган белгисиз түрдөгү динозаврдын сөөктөрү табылды

Аргентинада 230 миллион жыл мурун жашаган белгисиз түрдөгү динозаврдын сөөктөрү табылды

Аргентиналык палеонтологдор мурда белгисиз болуп келген динозаврдын сөөктөрүн табышты. Ал болжол менен 230 миллион жыл мурун жашаган. Бул тууралуу Аргентинанын Улуттук илимий жана техникалык изилдөөлөр кеңеши (CONICET) маалымдады.

Жаңы түргө Huayracursor jaguensis деген ат берилген. Илимпоз Агустин Мартинеллинин айтымында, «Huayracursor’дун жашы болжол менен 225–230 миллион жылга барабар, бул аны дүйнөдөгү эң байыркы динозаврлардын бири кылат».

Изилдөөчүлөрдүн билдиришинче, динозаврдын дээрлик толук скелети Аргентинанын батышындагы Ла-Риоха провинциясында, деңиз деңгээлинен 3 миң метр бийиктикте табылган. Huayracursor ошол доордун башка динозаврларынан моюну узун жана денеси чоң болгону менен айырмаланат.

Илимпоз Малена Хуарестин айтымында, табылган динозаврдын узундугу болжол менен 2 метр, салмагы болсо 18 килограммды түзгөн — бул мурда Аргентинада табылган окшош түрлөргө караганда дээрлик эки эсе чоң.

Изилдөөчүлөр белгилешкендей, динозаврдын сөөктөрү табылган аймак мурда аз изилденген геологиялык бассейнде жайгашкан. Агустин Мартинелли бул табылга палеонтология үчүн чоң мааниге ээ экенин айтып, мындай деди:

«Бул аймак келечекте дагы чоң ачылыштарга жол ачат. Жаратылышта мындай өзгөчө, жакшы сакталып калган жана өзүнө гана таандык фаунасы бар жерлерди табуу өтө сейрек кездешет».

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар