«Раймалы менен Бегимай» мюзикли Астанада коюлду

Токтогул атындагы филармониянын жамааты «Раймалы менен Бегимай» мюзиклин Астанада коюп, казак боордоштордун купулуна толду. Мюзикл абдан ийгиликтүү коюлуп, аншлаг болду. Куанышбаев атындагы казак театры элге жык толду. “Көрүүчүлөр эки саат бою козголбой отуруп, ыйлаганы ыйлап, күлгөнү күлүп, соңунда филармонияны кетирбей, кол чаап турду го, чиркиндики! Сыймыктандым!

Кыргыздын таланттары дагы бир жолу «жарк» этти!
«Күрметти бауырлар! Казак жерине эки мюзикл апкелдик. Экөө тең сүйүү жөнүндө. Бири — кыргыздын эр кишиси менен казак кызынын махабаты жөнүндө, экинчиси — казактын азаматы менен кыргыз кызынын махабаты жөнүндө. Кыргыз менен казак ар дайым бир-бирине ашык болуп, сүйүүсү арта берсин!» – деп айттык”. Бизге Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев дал ушундай маалымдады. Кут болсун! Кыргыз ренессансын ишке ашыруучулар, анын ичинде Улуттук филармониянын өнөрпоздору эң жогорку баага, мактоолорго жана сый-урматка татыктуу.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз