Адылбек Касымалиев ата мекендик зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында маанилүү токтомго кол койду. Документке ылайык, баалуу металлдарды сатуу тартиби расмий түрдө бекитилди.
Бул чечим Садыр Жапаров кабыл алган “Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына жана “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” мыйзамына ылайык иштелип чыккан.
Жаңы тартипке ылайык, зергердик өндүрүшчүлөр баалуу металлдарды артыкчылыктуу негизде сатып ала алышат. Негизги жаңылык — металлдар London Bullion Market Association (LBMA) белгилеген баадан 2% арзандатуу менен сатылат.
Ошондой эле, сатып алуу пункттары жана күрөөканалар баалуу металлдар менен асыл таштарды тиешелүү мамлекеттик органга сатууга укук алышат. Бул чаралар тармактагы ачыктыкты жогорулатып, көмүскө рынокту кыскартууга багытталган.
Адистердин айтымында, жаңы механизм жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүп, зергердик тармактын экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.


