Бишкек шаарында мотоцикл, скутер жана мопед айдоочуларын текшерүүгө багытталган масштабдуу профилактикалык рейддер башталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чаралар жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, кырсыктардын алдын алуу жана эки дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын башкарган айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында өткөрүлүүдө.
Рейд учурунда кызматкерлер айдоочулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жол эрежелерин так сактоо боюнча эскертүүлөрдү берип жатышат. Ошондой эле транспорт каражаттарынын техникалык абалына өзгөчө көңүл бурулууда.
Эгерде кыймылдаткычтын көлөмү белгиленген талаптарга жооп бербесе же керектүү документтери жок болсо, айдоочуларга карата административдик протоколдор түзүлөт.
Мотоцикл, скутер жана мопеддерди документтерсиз же техникалык талаптарга жооп бербеген транспорт каражаттарын башкаруу бардык жол кыймылынын катышуучулары үчүн кооптуу болуп саналат.
Ушуга байланыштуу Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого, коргоочу каражаттарды колдонууга жана транспорт каражаттарын мыйзам чегинде пайдаланууга чакырат.

