Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыThe Economist: Трамп Украинаны колдогон жок, болгону утулушун каалабайт

The Economist: Трамп Украинаны колдогон жок, болгону утулушун каалабайт

АКШнын президенти Дональд Трамптын курал-жарак жөнөтүүгө макулдугу — Украинага болгон колдоо эмес, болгону Байденден калган жардамды калыбына келтирүү. Бул тууралуу The Economist басылмасы жазды.

«Анын максаты — согушка көп акча коротпой эле, Украинанын жеңилип калышына жол бербөө. Анткени бул АКШ үчүн Афганистандагы 2021-жылдагы кыйроодон да чоң геосаясий жоготуу болмок»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп украин лидери Владимир Зеленский менен сүйлөшүүдө Киевге Patriot системасы үчүн дароо 10 ракетаны жөнөтө турганын Axios билдирген.

Бул сан мурда токтотулган ири партиядан аз болгону менен, Трамп башка булактардан да ракета табууга жардам берүүгө даяр экенин айткан. Ага чейин Трамп Германиянын канцлери Фридрих Мерц менен сүйлөшүп, ал Украина үчүн кошумча курал сатып алууга даяр экенин ырастаган.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар