whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.01.2026
-10.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомПекинде Барскоон–Үчтурпан–Аксу жолун куруу маселелери талкууланды

Пекинде Барскоон–Үчтурпан–Аксу жолун куруу маселелери талкууланды

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Пекин шаарында Барскоон—Үчтурпан—Аксу автожолун куруу боюнча Кытайдын бир катар корпорацияларынын жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүздү. 

Маалыматка ылайык, ири корпорациялардын жетекчилери менен болгон жолугушууда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайга болгон жумуш сапарынын максаттарынын бири Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасындагы “Бедел” өткөрүү бекетине алып барчу автожолдун курулуш иштерин алдыга жылдыруу экенин билдирди.

Сүйлөшүүлөрдө курулуштун жүрүшүндө эки тарапка пайда алып келе турган жагдайлар талкууланды.

Жыйынтыгында дүйнөнүн алдыңкы объекттеринин курулушуна катышкан Кытайдын корпорацияларынан турган Кыргызстанга жакын арада Барскоон—Үчтурпан—Аксу автожолун куруу боюнча жеринде сүйлөшүү жүргүзүү үчүн делегация мүчөлөрү жөнөтүүлөрү, ошондой эле эки тараптын тиешелүү мамлекеттик органдарынын ортосунда жумушту топтор түзүлө турганы маалым болду.

Белгилей кетсек, Кытайга кирген үчүнчү жол 2024-жылдын сентябрында “Бедел” өткөрмө бекети жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиптеги убактылуу шарттар менен ишке берилген. Учурда эл аралык стандарттарга жооп берген толук кандуу инфраструктураны түзүү этабын эки өлкө биргелешип ишке ашыруунун үстүндө иштер жүрүүдө.

Барскоон—Үчтурпан—Аксу автоунаа жолу толук кандуу ишке кирсе, Кытайдын Кыргызстан аркылуу башка мамлекеттерге болгон соода жүгүртүүсүнүн көлөмү өсүп, ал эми Кыргызстан реэкспорт кылган транзиттик мамлекетке айланары айтылат.

Гезит

Бактысын гүлдөн тапкан Гүлмайрам

               Каарманыбыз Гүлмайрам Карабаева эженин гүлгө болгон кызыгуусу балалыктан башталган. Ошондон тарта анын кызыгуусу өчкөн жок. Тескерисинче өсүп,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар