Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Тыналиев көчөсүн бириктирген жаңы жолдун курулушу жакынкы убакта башталат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, жаңы жол унаа тыгындарын толук чечпесе да, шаардагы жол инфраструктурасын жакшыртууга чоң салым кошот. Долбоордун алкагында Миңжылкыев көчөсү да кеңейтилет жана Рамиз Алиев маалымдагандай, мурда бул аймакта жол болгон.
Маалыматка ылайык, жаңы жолдун узундугу 1,3 чакырымды түзүп, эки тилкелүү болот. Ал Чыңгыз Айтматов проспектисинен башталып, Тыналиев көчөсүнө чейин созулат.
Белгиленгендей, жол куруу учурунда Кыргыз-Түрк Манас университетинин айрым чектеш аймактары долбоорго тартылышы мүмкүн. Бул маселе коомчулукта кызуу талкуу жаратууда.