Башкы беткеМаанилүүЖиддадан Бишкек жана Ошко 210 кыргызстандык келишти

Жиддадан Бишкек жана Ошко 210 кыргызстандык келишти

Бүгүн Сауд Арабиясынын Жидда шаарынан Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу боюнча атайын каттамдар уюштурулуп, 210 кыргызстандык өлкөгө келишти. Алардын 90у Манас эл аралык аэропортуна консо, дагы 120 жаран Жидда – Ош каттамы аркылуу Ош шаарына келди.

Жүргүнчүлөр Умрада абал тынч болгонун айтышып, мекендерине сак саламат келишкенине кубанычта экенин билдиришти.

Белгилей кетсек, Жидда – Бишкек жана Жидда – Ош багыттары боюнча атайын каттамдар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жарандарды мекенине кайтаруу иштеринин алкагында уюштурулду.

Маалыматка ылайык, эртең Омандан дагы 360 кыргызстандыктын келиши күтүлүүдө. Кыргызстандын жарандарын коопсуз мекенине кайтаруу иштери улантылууда.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар