Кыргызстанда соңку эки жылда 17 928 айдоочу мас абалында машина айдаганы үчүн унаа башкаруу укугунан ажыратылды. Бул тууралуу 26-февралда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирген.
Маалыматка ылайык, мас айдоочуларга 17 500 сом айып пул салуу жазасы бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратуу тууралуу берене менен алмашылган. Бул беренеге туш болгондор бир жыл машина айдай албайт.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кыргызстанда мас болуп автоунаа айдагандарга жазаны күчөтүүнү сунуштап жатат. Ага ылайык, мас абалында рулга отурган айдоочу унаа башкаруу укугунан эки жылга чейин ажыратылат. Мындай учур экинчи жолу кайталанса, айдоочулук күбөлүктөн төрт жылга ажыратылат жана автоунаасы убактылуу мамлекетке алынат.
Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда наркологияга баруудан баш тарткан айдоочулар эки жылга чейин рулга отура албары көрсөтүлгөн.
Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгыны былтыр өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, ндан 640 адам каза болуп, дагы 9 миңге жакыны жаракат алганын маалымдаган.

