1-класска бир күндө 15 миңден ашуун бала катталды

1-апрелден тарта Кыргызстан боюнча балдарды мектепке электрондук каттоо башталды. Каттоонун биринчи этабы саат 10:00дө старт алып, саат 17:30га карата 15 626 бала 1-класска катталды.

Аймактар боюнча көрсөткүчтөр төмөнкүдөй: Бишкек шаарында 4 478 бала, Ош облусунда — 2 630, Жалал-Абад облусунда — 2 505, Баткен облусунда — 1 641, Чүй облусунда — 1 582, Ысык-Көл облусунда — 1 104, Нарын облусунда — 641, Талас облусунда — 535, ал эми Ош шаарында 510 бала катталган.

Биринчи этапта ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн тиешелүү мектептин микроучастогу боюнча туруктуу каттоосу бар балдар кабыл алынууда.

Белгилей кетсек, 1-класска 2019 жана 2020-жылдары төрөлгөн балдар кабыл алынат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз