Башкы беткеСоциалдыкБалык уулоонун жаңы эрежелери күчүнө кирди

Балык уулоонун жаңы эрежелери күчүнө кирди

1-апрелден тарта Кыргызстанда балык уулоого жаңы талаптар киргизилди. Эми айрым баалуу балык түрлөрүн кармоого чектөө киргизилип, уруксаттар толугу менен электрондук форматта берилет.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинин маалыматына ылайык, жаңы эрежелер балыкчылар арасында эң көп суроо-талапка ээ болгон түрлөргө тиешелүү.

Тактап айтканда, дарыя османы, амударья маринкасы жана Ысык-Көл маринкасын кармоо үчүн өзүнчө уруксат талап кылынат. Уруксат алуу эми «Электрондук балык уулоо системасы» аркылуу гана жүргүзүлөт. Бул үчүн жарандар атайын балык уулоо картасын расмий сайттагы мамлекеттик кызматтар бөлүмү же MegaPay тиркемеси аркылуу тариздеши керек.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар