Башкы беткеМаанилүүКыргызстан эл аралык гуманитардык жардамды координациялоо боюнча комиссия түздү

Кыргызстан эл аралык гуманитардык жардамды координациялоо боюнча комиссия түздү

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын чет өлкөлөргө көрсөтө турган эл аралык жана гуманитардык жардамын координациялоо боюнча комиссия түзүү тууралуу жарлыкка кол койду.

2026-жылдын 13-мартындагы №111 жарлыкка ылайык, жаңы түзүмдүн жобосу жана анын курамы бекитилди. Комиссия чет мамлекеттерге көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды системалуу жана пландуу негизде уюштурууга жооп берет.

Документте мекеменин иштөө тартиби да так белгиленген. Аталган комиссия “Эл аралык өзгөчө гуманитардык жардам жөнүндө” мыйзамдын алкагына кирбеген жардам түрлөрүн жөнгө салуу менен алектенет.

Жарлык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 71-беренелеринин негизинде кабыл алынып, өлкөнүн эл аралык ишмердүүлүгүн тартипке келтирүүгө багытталган.

Чечим расмий жарыяланган күндөн тартып жети күндөн кийин күчүнө кирет.

 

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар