Каржы маселеси жана аскердик жабдуунун жетишсиздиги Европанын Украинага жамааттык күч жөнөтүү аракетине олуттуу тоскоол болууда. Бул тууралуу британдык The Times гезити өз булактарына таянып жазганын РИА Новости кабарлады. Басылманын айтымында, Европа мамлекеттери Украинага 25 миң аскер жиберүүгө аракет кылып жатканы менен, бул иш оңойго турбай турганын белгилешүүдө.
Улуу Британиянын Куралдуу күчтөрүнүн штабынын жетекчиси адмирал Тони Радакин европалык кесиптештеринен Украинага 64 миң аскер бөлүүгө даярбы деген суроого жооп издеп жатканын басылма маалымдады. Бирок айрым коргоо министрлери мынчалык жоокер чогултуу мүмкүн эместигин айтышкан. Литванын коргоо министри Довиле Шакалене бул алсыздыкты жашыруунун кажети жок экенин белгилеп, «64 миң киши чогулта албастыгыбыз алсыздык катары көрүнбөйт, бул алсыздыктын нак өзү» деп кошумчалаган.
Мындан мурда Telegraph гезити Улуу Британия Украинага аскер жөнөтпөй, жергиликтүү жоокерлерди окутуу менен гана чектелишин жазган. Ал эми Франция президенти Эммануэль Макрон март айында өткөн Париж саммитинде «каалоочулар коалициясы» Украинага аскер күчүн жөнөтүүнү пландап жатканын билдирген. Анын айтымында, бул күчтөр тынчтык орнотуучу эмес, Россияны ооздуктоочу максатта колдонулат.
Ошол эле учурда Россия мындай аракеттерди Украинаны оккупациялоо катары сыпаттоодо. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков тынчтык орнотуучу күчтөр согушуп жаткан тараптардын макулдугу менен гана жайгаштырылышы керек экенин эске салган.