Өнүккөн өлкөлөрдө спортчулар жаштайынан спорт менен машыгып, олимпиаданын алтын медалын багынтууну максат кылышат. Ага жетүү үчүн жылдар бою талыкпай машыгышат. Дүйнөлүк мелдештерге катышып тажрыйба топтошот. Аларга мамлекет тарабынан бардык жардам көрсөтүлүп, спортчулар бир гана машыгууну, өз мамлекетине сыймык алып келүүнү ойлошот.
Спорттон криминалга карай жол
1990-жылдар спортко да терс таасирин тийгизгени анык. СССРдин тарашы, анын курамындагы күтүүсүз эгемендикке ээ болгон мамлекеттердин эти түгүл, табагын табалбаган шарттарда калышы, саясий системанын чукул өзгөрүшү, туташ жумушсуздук жөнөкөй эле жан багуунун жолун издөө аракеттери спортчулардын айрымдарын жеке бизнеске түртсө, дагы бирлери рэкетчиликке ыктаган.
Негизи спортчулар табиятынан бирөөгө үстөмдүк кылууга шыктуу келишет. Ошону менен мурда кримчөйрөнүн өкүлдөрү үстөмдүк кылса, эми алардын катарын спортчулар толуктады. Алгач спортсмендер ишкерлерди калкалаганы үчүн акча алып келишсе, бара-бара бизнесмендерге салык салып, коркутуу жолу менен акчасын тартып алууга өтүштү. Бул башка улуттардай эле Кыргызстанда дагы болгон. Өлкөгө аты таанылган спортчулар рэкетчилик менен алектенишкенин ал кезде ишкердик кылып жүргөндөр айтып келишет. Алар алгач жөн гана рэкетчилик кылышса, бара-бара ар кандай кылмыштуу топтор түзүлүп, таасир талаш күчөгөн. Мындай кагылышууда ондогон адамдар көз жумган.
Бул мезгилдерде спортчуларды өз кызыкчылыгына колдонгон саясатчылар, байлар да жетиштүү болду. Ири ишкерлер спортчуларды шайлоо алдында колдоп, алардын тарапташтарын үгүт учурунда пайдаланганын көрүп эле жүрдүк.
Бизнесмендер тарабынан спортту колдоо деген шылтоо менен көптөгөн спорт клубдары ачылган. Андагы машыккан балдар кожоюндун айрым кара иштерин бүтүрүп жүргөнү жашыруун деле эмес эле. Саясатчылар спортчуларды жеке жан сакчы, бизнесин кайтаруучу катары да колдонушканын эгемен тарыхыбыз тандырбайт.
Криминалга аралашкан спортчулар
Кыргызстанда белдүү спортчулар криминалга аралашкан айрым учурларга токтололу. Учурунда Дамирбек Асылбек уулу деген спортчубуз бар эле. Ал кийин саясатка аттанып, Жогорку Кеңештин депутаты да болгон. 2018-жылы 15-16-февралда Казакстанда уюшкан кылмыштуулукка каршы масштабдуу рейд өтүп, анын жүрүшүндө депутат Дамирбек Асылбек уулу дагы кармалган. Ал грек-рим күрөшү боюнча федерация-нын биринчи вице-президенти да болгон. Кийин кызматын өз каалоосу менен тапшырып берген.
Жакында эле дагы бир спортчу, Көк-Бөрү федерациясынын мурдагы төрагасы Талас Бегалиев УКМК тарабынан кармалды. Ага карата “Уюшкан кылмыштуу топторду каржылоо” беренеси менен айып тагылууда.
Ошону менен Кыргызстанга аты таа-нылбаган бирок, спортто жүрүп кийин криминалга аралашып кеткендер да жок эмес.
Буюртма менен өлтүрүлгөн спортчулар
2000-жылдары спортчулар, ишкерлер саясатка жапырт аттанышкан. Тилекке каршы алардын айрымдарынын саясий карьерасы узакка созулган эмес. Эгемен Кыргызстандын тарыхында буюртма менен өлтүрүлгөн инсандардын арасында спортчулар да болду. Айталы, 2005-жылы белгилүү каскадер Үсөн Кудайбергенов өз үйүнүн жанында атып өлтүрүлгөн. Ал 30 метр бииктиктен ат менен сууга секирип дүйнөлүк рекорддор китебине кирген жалгыз кыргызстандык болгон.
2005-жылы 10-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевди белгисиз адамдар атып кетишкен. Ал КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу, дзю-до күрөшү боюнча спорт чебери болчу. Ошол эле жылдын 25-сентябрында күрөш боюнча спорт чебери, ЖК депутаты Баяман Эркинбаев өлтүрүлгөн. Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын
2 жолку чемпиону Раатбек Санатбаев 2006-жылдын январында өлтүрүлгөн.
Ыңкылапка чейин дагы бир нече спортчу буюртма менен өлтүрүлгөн. Алардын айрымдары кылмыш чөйрөсүнүн талаш-тартышуусунун курмандыгы болушкан деген карама-каршылыктуу пикирлер да айтылып жүрєт.
Алардын катарында кикбоксинг боюнча дүйнө, Азия чемпиону Али Порсуков, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Петр Телпизов, Нуркул Асылбеков, спортсмендер Нусупов, Жумагулов, Алишер Рахимов, Марат Кутуев, Рашид Алканов, Визильтер жана башкалар бар.
Эрежесиз уруш спорт эмес
Буга чейинки президенттер ММАны (Mixed martial Arts) (Эрежесиз уруш) пропаганда кылып келишти. Теги кыргызстандык Валентина Шевченкону Сооронбай Жээнбеков өлкө башчысы болуп турганда бир нече ирет кабыл алган. Анысы аз келгенсип, турнирлерде жеңишке жеткенде телефон аркылуу куттуктаган учурлары да болгон. Аны көргөн башка бийлик өкүлдөрү да В. Шевченкону кабыл алышчу.
Жыл башында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев эрежесиз эр урушту тыюуга чакырык таштаган. “Эрежесиз урушту Кыргызстанда өткөрүүнү жана машыгууну токтотушубуз керек. Мунун бизге кереги жок, балдар азыр түшүнбөй жатасыңар, кийин эрежесиз уруштан 40 жаштан өткөндө майып болуп каласыңар. Андан көрө олимпиадалык спорттун түрлөрү менен катышып, мамлекетибиздин туусун көтөргүлө, биз ошого жардам берели. Эрежесиз эр уруш келечек муунубуз үчүн зыянын тийгизип жатат”, – деген эле.
Чынында эрежесиз уруш Борбор Азия-да өзгөчө популярдуу болуп кетти. Бири-бирин аёосуз сабашкан бул спорттун түрүн спорт деп атоого да болбойт.
Олимпиада оюндарында ийгилик жараткандар
Олимпиаданын алтын медалын 1980-жылы Каныбек Осмоналиев оор атлетика боюнча жеңип алган. Андан кийин кыргыз спортчуларынан алтын медаль тагынгандар боло элек. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи олимпиада медалын теги казакстандык легионер Айдын Смагулов алып келген. Ал 2000-жылы Сиднейде өткөн олимпиадада дзюдо боюнча коло медаль жеңип алган. Андан кийин Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Базар Базаргуруев, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Үзүр Жусупбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Мунарбек Сейитбек уулу өңдүү спортчуларыбыз олимпиададан күмүш жана коло байгелерди алып келишүүдө.
2028-жылы АКШда өтүүчү олимпиада оюндарында баш байге бизге дагы насип кылат деп ишенип туралы.
Спортчуларга бөлүнгөн стипендиялар
Кыргызстанда олимпиадалык жана паралимпиадалык оюндарда алдыңкы орунду багындыргандар өмүр бою ай сайын акчалай стипендия алышат.
Биринчи орунга 30 000, экинчи орунга 25 000, үчүнчү орунга 20 000 сом, ал эми спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча чоңдор арасында биринчи орунду багынткандарга 20 000 сом берилет.
Андан сырткары 15 спортчу ай сайын Эл аралык олимпиада комитети тарабынан 500 доллардан стипендия алышат.
“Жакшы каржы сунушун четке кага албай крим чөйрөгө кирип кеткен спортчулар көп”
Спорт комментатору Бахтияр Кыдыралиевдин пикиринде спортчулардын кримчөйрөгө аралашып кетүүсү каржынын тартыштыгынан улам келип чыгат.
“Балдар 17-18 жашка чейин мектеп курагында болуп машыктыруучулардын көзөмөлүндө болот, ар кандай мелдештерге катышып алаксып жүрөт. Жаш спортчулардын көйгөйү мектепти бүткөндө башталат. Мындайда спортчулар жакшы каржы сунушун четке кага албай крим чөйрөгө кирип кеткен учурлары көп. Ошондуктан спортту өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа туура эместей сезилет. Биринчиден, мектептер арасындагы мелдештер жөнгө салынып, жакшы жыйынтык көрсөткөн спортчуларга каалаган окуу жайына акысыз өтүү мүмкүнчүлүгү болуш керек. Жогорку окуу жайда дагы стипендия алып, машыгуусуна шарт түзүп, университеттер арасындагы мелдештерде жыйынтык көрсөтүүгө стимул болуш керек. Айыл жеринен келген спортчулар жаңы чөйрөгө аралаша албай, өзүнүн жөндөмүн көбүнчө туура эмес жакка жумшап коюшат. Ошондуктан эң алгач мамлекеттин спорттогу саясаты туура болсо, менимче жаштар арасындагы крим чөйрөгө кызыгуу да азаймак”, – деди.
Мамлекет спортко көңүл бөлө баштады
Азыркы бийлик келгени спортко өзгөчө көңүл бурула баштаганын айтып коюшубуз керек. Спортту жана дене тарбияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программалар кабыл алынды. Футболду өнүктүрүү боюнча жарлыктар чыкты.
Садыр Жапаровдун катышуусу менен Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы “Ынтымак” футбол стадион ачылды. Быйыл дагы 15 стадиондо, анын ичинде Баткен, Нарын, Талас жана Токмок шаарларындагы ири стадиондордо калыбына келтирүү иштери башталды. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион капиталдык оңдоодон өттү. Жалал-Абадда “Барселона” академиясы салынды. Бишкектин четинде 51 000 киши бата тургандай “Бишкек-Арена” спорт залы курулууда. Анын курулушу 2026-жылы аяктоосу күтүлүүдө. Жер жерлерде стадиондор, спорт залдар ачылып, жаштар спортко көбүрөөк тартыла баштады. Буюрса кыргызстандан криминалга аралашпаган, кыргыздын желегин олимпиадаларда, дүйнөлүк мелдештерде желбиреткен жаштар көп чыгышына ишеним зор.
Султанбек АМАНБЕК уулу,
“Кыргыз Туусу”