Кыргыз наркы – нечен жоболоңдон сакталып, жоголуп кеткиче жомокко айланып, эненин эбеденинен эмчек сүтүнө сиңип, бешик башына тумар болуп тагылып, термелген сайын бешик күүсүнүн ыргагына көөшүгөн улуулук. Найзанын учуна тепчилип кетпей, кылыч мизине кесилип кетпей, ташка салса сынбаган, кылымдан-кылым тынбаган бийиктикке айланып, эл ишениминен, элдин үмүтүнөн боюна эбегейсиз кубат жыйнаган асылдуулук.
Кыргыздын байыртадан бери укумдан-тукумга көчмөн калктардын уюткусу катары келип жеткен нарк-насилибиз, каада-салттарыбыз, тарбиялык таалими зор баяндар, уламыштар тууралуу Сүйүнбек Касмамбетовдун уңгулуу кептеринен жарыялайбыз.
Кыргыз элинин учугун жоготпой, тамырын үзбөй, өзөгүн соолтпой сактап келген ЫЙЫКТАРЫ: көкүрөгүндө «Манасы», башында калпагы менен элечеги, колунда туусу менен комузу, бешиги менен мазары, көңүлүндө салты менен наркы болгон.
Ушул нерселерди ыйык сактай албасак өзүбүздү-өзүбүз басып, шылдыңдап олтурсак кандай эл болобуз?..
Мындайларга мыйзам чегинде тиешелүү мамлекеттик органдар жана анын жетекчилери чара көрсүн!
Көркөм чыгармачылыктын кайсыл түрүн гана тутунуучулар болбосун өз улутуна, өзөгүнө, өздүгүнө этият, дыкат жана адептүү мамиле кылууга чакырамын!
Улуу кыргыз элинин урпагы, кан Манастын тукуму ойлонолу, намысыбызга, эсибизге келели! Балким коомдук пикирдин эч нерсеге арзыбай калганы, аны менен кошо адамдык аң-сезимдин деградация-га учурашы, таалим-тарбиянын жоктугу, адамдык абийир менен ар-намыстан кеткени, акылынын пастыгы, жандүйнөнүн жардыланышы бугуп жаткан болбосун…
Тарых ааламды титиреткен мыкты, каарман, баатыр айымдарды көз жаздымда калтырбайт. Байыркы Грецияда, Афинадагы фараондордун, канча бир падышалардын көрөр көздөрү, дегеле сулуулуктун эталону болгон аялзатынын кадыр-баркы бийикте болгондуктан аял кишинин баш кийими эмес, чачынын айынан кырчылдаган кармаштар, канча бир согуштар, кыл чайнашкан кырдаалдар чыкканына тарыхый окуялар, эпикалык чыгармалар, кинофильмдер күбө.
Кыргыз наркында, салтында ургаачынын баш жасалгасына айрыкча маани берилгендиктен чоочун киши, өзгөчө, пейили бузук эркек тарабынан чачтын өрүмүнүн жазылышы, үкүлүү топунун, тебетейдин баштан чечилиши, ак элечектин оромунун бузулушу уруулар гана эмес, улут аралаш чабышка алып келген.
Кылымдар кыйырын белчесинен басып келаткан кыргыз эли эзелтеден аялзатына өзгөчө кадыр-барк менен мамиле жасаган, мээримин төккөн, кастарлап келген. Калк санынын аздыгына карабастан анын дал ушундай улуу касиети улут катары сакталып, калыптанып, өнүгүп келе жаткандыгынын бирден-бир айныккыс өбөлгөсү деп түшүнөм.
Көч
Хан баштаган кыргыздын улуу журту жөнөп калат, көчтүн узундугу тай чабым жерге жетет. Көчтү улай улак тартып, кыз куумай, тыйын эңмей оюндары менен нарктуу көчүп бара жатканда өйдө жагынан андан бир аз азыраак чай кайнам убакытка созулган көч чыгып келе жаткан экен. Көчтүн башында бешиктерди өңөргөн кош бойлуу келиндер, нарктуу, элечек оронгон байбичелер баштап бара жатыптыр дейт.
Хандын көчү үдүргүп барып токтоп калат. Ортосунан жигиттер чаап келип: «ханым, сиз баштаган көч улуу да, кете бербейликпи» дегенде: «коё тургула баатырларым, кыргыз наркында кош бойлуу аялдар, ак элечек энелер баштаган көч дайыма улуу болот» деп өз көчүн токтотуп, кичүү көчтү өткөрөт. Кичүү көч өтүп бүткөндөн кийин чыбык кыркаар мыкты жигиттеринен көнөчөктөргө кымыз куюп, улуу көчкө суусундук бердирип жиберишет экен.
Бири-бирин ушинтип эркелетип, кастарлап, жакшысын чыгарып, жаманын жашырган эл экенбиз.
* * *
Бешик… эне… бала… өмүр… Эч бөлүнгүс бүтүн нерселер. Бешик терметпеген эне, энеси жок бала, баласы жок эне, а эне-баласыз жашоонун өзү жок. «Бешик эне бек карма, Умай эне уйку бер» деген ак тилектер бешиктин ыргагына көөшүп, жер менен көктүн бүтүндүгүн түзгөн.
Хандар-бектер жол бошотуп ызаат көрсөткөн кыргыздын улуу көчү да дал ошол ааламдын бир бурчун жандантканы, шөкөттөгөнү бараткан. Жашоонун негизин сүйгөн, турмушту кайра жандантууга кам урган кыргыз пейили канча бир апааттан чын жүрөгү менен жашоону сүйүп бакыт тапкан, аман калган.
Ылайым эле келечектин көч башы сапарын кыргыз дүйнөсүнө буюрсун!
Абийир
Жоокерчилик заман. Капилеттен тиш салганына карабай, жунгар колу бир ууч кыргыз жоокерин жеңе албай коюптур. Ит урушун салган кыргыздар капчыгай өрдөп таптырбайт. Аяктан сүрсө үңкүрдүн бир оозунан кирип, бир оозунан чыгып «ташкапканга» чаптырат, кык түтөтүп «түлкү ыштамайга» салат, кыскасы, айласын алты кетирет. Буга чейин мындай кордук көрбөгөн, алардын кылыгына аябай ачууланган жунгар ханы кол башчысын чакыртып: «Алакандай элдин бир ууч жоокерин эмдигиче жеңе албай эмне кылып жүрөсүңөр? Кыргыздын журтуна барып мунун сырын чечип кел» деген буйругун берет.
Кыргыз айылынын калайманын чыгарып, 100 кызын туткундап келген калмактын кол башчысы оорукта күткөн жол башчысына мындай баян салыптыр: «Таксыр, кыргыз элдин турагы аска-тоо-луу муз экен, жеген-ичкен тамагы асел менен туз экен, элин баскан душманга кабактары суз экен. Жигиттерин тапкан жокпуз, бирок колго түшкөн 100 кызын алып келдик, бүтүн бойдон кыз экен» дептир.
Ошондо калмак ханы бир саам ойлонуп туруп, анан мындай бүтүмгө келет: «Эр танасын таппай, кыздарын чапканыңарга жол болсун! Эртең эле кыргыздын эр-жигиттери түгөл түрүлүп келип кол салат, эми аларга туруштук бере албайбыз. Этегин шамалдан башка ачпаган, абийирин күйөөгө тийгенче сактаган, жараланган эринин тартынбай огун аттаган ургаачыдан туулган уулдарды биз жеңе албайбыз. Кой, колбашчым, болбой калды, ушунчабызда кайра тарталы» деп аттын оозун өз жерин карай буруптур.
Ошентип, ыйман менен адамдык касиетти бийик көкөлөтүп, абийир менен бүкүлү журттун ар-намысын сактаса болот экен. Анын сыңарындай, азыркынын тили менен айтканда, бизде жазылбаган, бирок ооздон-оозго көчүп, муундан-муунга өтүп келаткан элдик кодекстер бар.
Ынтымак
Тополоң-тоз, будуң-чаң заман дейт. Журт тентектери бир иттин куйругун бир итке байлап, билермандары биттин ичегисине кан куюп, жумурткадан кыр издеп, бирине-бири кыргый кабак болуп, «сен тебетей силксең, мен дагы силкем» деп тең ата болуп тебишип, элден ырк кетип, ынтымак кетип, биринин малын бири тийип, биринин кызын бири ала качып, жосунсуз жоруктар журт аралап көбөйө баштаганда бир аксакал элинен бөлүнүп чыгып, топудай үйдөн томуктай түтүн булатып: «журтума ырашкерлик, ынтымак, ырысты күтөм» деп дуба кылып жалгыз отурса бир киши келип: «Арыбаңыз, менин атым Ырыс!» дейт экен. «Издеп жатканым үйүмө келген турбайбы» деп чай кайнатып, нан ооз тийгизип узатат экен. Арадан чай кайнам убакыт өткөндөн кийин дагы бир киши келет: «Мен Бакытмын!» деп. «Ай, айланайын, атың дагы дурус экен!» деп аны дагы коноктойт. Бир аз убакыт өткөндөн кийин төбөсү бийик калпакты кийген, көп нерсени билген ырыстуу бир карыя келип, сынын бузбай, бир эңкейип да койбой таягын коомай кармап: «Арыбыңыз аксакал, менин атым Ынтымак!» дейт экен. Төрдө отурган карыя ордунан ыргып туруп, төшөгүн салып, жандыкка курмандыкка бата кылып, Ынтымакты отургузуп алып: «Элимден кете көрбө, жайыт жарашса жатып кал, конуш жарашса конуп кал, кошо биз менен аралашып жүр, айланайын!» деп Ынтымакты кетирбей төрүнө коноктоп, элден чыгарбай алып калат экен. Ошондо мындайыраак узап кеткен ырыс-кешик дагы, таалай-бакыт дагы келип кошулат экен элге.
Ынтымактуу журтта бакыт-таалай болуш керек. Бала-бакырага, кыз-кыркынга ынтымак, бактыны тилеш зарыл экен. Көрсө ынтымактуу, бактылуу кишинин үйүндө, бактылуу кишинин колунда, короо-сунда, журтунда бийлиги дагы, байлыгы дагы болот турбайбы, туугандар. Ынтымак кимди жылоолосо, Бакыт кимди даарыса, кимди ээрчисе биздин эл-журтубузду дагы ырыскыга толгон күндөр ээлесин!
Байбиче
Биздин аялдар эч качан жер карап, эркектен кагуу жеп калган эмес. Кылымдар бою аялзаты эркектер менен той-аштарда дасторкондо чогуу эле отурушкан. Салтыбызда бөлүнүүчүлүк жок болгон. Бирок ар бири өз ордун билген. Бир сөздү кайталап миң кишиге айтсак, ал бир кишинин мээсине кирсе, ушул биздин ийгилик. Нарк-насилди сактоону жаштарга кайталап айтып турушубуз керек. Батышта гендердик тең укуктуулук жөнүндө эми айтып жатышса, биздин аялдар алмустактан бери эркектер менен тең ата жашап келген, кеңешин берген, маселе чечкен.
Кыргыздын күңгөй тараптуу жеринде, Адигине-Тагай элинде өскөн бир жигит жаштайынан тың чыгып, элге тегиз алынып, жарашыктуу кийинип, журтуна эмгек сиңирип жакшы карыптыр. Көл үстүнө басып барып, сууга жайнамазын жая салып намаз окуса да буту сууга малынчу эмес тура. Баарыбыз пенде эмеспизби, пайгамбар жашынан өтүп жетимишке барганда, мансап күтүп, пейил күтүп, байлык топтоп калганда пендечиликке алдырып кээ бир адам баласы туура жолдон четтей түшөт окшобойбу.
(Уландысы бар)