Башкы беткеСаясат жана коомКоомСалык кызматы салык төлөөчүлөргө алдамчылыктын жаңы схемасы тууралуу эскертет

Салык кызматы салык төлөөчүлөргө алдамчылыктын жаңы схемасы тууралуу эскертет

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө алдамчылыктын жаңы схемалары тууралуу эскертет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, шылуундар Салык кызматынын жетекчилигинин атынан мессенджерлер аркылуу кайрылып, колдонуучулардын жеке маалыматтарын алууга аракет кылышат.

Алар ар кандай манипуляциялык ыкмаларды колдонуп, Салык кызматынын кызматкерлеринин атынан жардам берүүнү сунушташат. Ар кандай алдамчылык схемалары менен болгон байланыш жеке маалыматтарды же акча каражаттарын жоготууга алып келиши мүмкүн.

Өзүн Салык кызматынын кызматкери катары тааныштырган адам тарабынан шектүү кайрылуулар болгон учурда укук коргоо органдарына кайрылууну суранабыз.

Салык кызматы бардык салык төлөөчүлөрдү шылуундардын айла-амалдарына түшүп калбоо үчүн сак болууга жана абайлоого чакырат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар