“Камышановка – автожол” өткөрүү пункту “Төмөнкү-Чүй – автожол” деп өзгөртүлүп, анын макамы эки тараптуу деңгээлден эл аралык деңгээлге көтөрүлдү. Ошондой эле анын иштөө тартиби сутка бою иштөөгө өткөрүлөт.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Ага ылайык, “Камышановка – автожол” өткөрүү пунктунун аты ждана деңгээли өзгөртүлдү.
Мыйзам 2026-жылдын 12-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ал 2025-жылдын 22-августунда Бишкекте кол коюлган протоколду күчүнө киргизүү үчүн ички мамлекеттик жол-жоболорду камсыз кылууга багытталган.
Мындан тышкары, “Кичи-Капка – автожол” өткөрүү пунктунун да макамы эл аралык деңгээлге өзгөртүлдү.
Бул өзгөртүүлөр чек арадан өтүүнү жеңилдетүүгө, жүк жана жүргүнчү агымын көбөйтүүгө, ошондой эле туристтерди тартууга жана инфраструктураны жакшыртууга багытталган.


