Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Борбор Азия жана Кавказ бөлүмүнүн директорунун улук орун басары Сонояма Юка менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Жолугушууда тараптар көп жылдык өнөктөштүктүн жыйынтыктарын чыгарып, кызматташуунун жаңы багыттарын белгилешти. Өзгөчө көңүл “Бир айыл – бир продукт” долбооруна бурулду. Долбоор экологиялык таза, эл аралык стандарттарга жооп берген продукцияны өндүрүүгө жана аймактардын экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзүүдө.
Маалыматка ылайык, учурда долбоорго 3500 адам катышып, 107 өндүрүш цехи иштеп жатат. Жалпы 2774 түрдөгү товар чыгарылып, Япония, Кытай, Корея, АКШ, Германия жана БАЭ сыяктуу өлкөлөргө экспорттолууда.
Ошондой эле тараптар тигүү тармагында япон компаниялары менен тажрыйба алмашууну уюштуруу боюнча макулдашышты. Бул демилге Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борбору аркылуу ишке ашып, ишкерлерге заманбап технологияларды жана сапатты башкаруу ыкмаларын өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, аймактарда адистердин потенциалын жогорулатуу үчүн тренингдерди өткөрүү пландалууда.
Белгиленгендей, JICA 30 жылдан ашуун убакыттан бери Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү болуп, айыл чарба, инфраструктура, санариптештирүү, саламаттык сактоо жана кадр даярдоо тармактарында бир катар долбоорлорду ишке ашырып келет.

