Бишкекте “акылдуу” прожекторлор орнотулууда

0
2365

Бишкек шаарында “акылдуу” жарыктандыруу долбоору ишке ашырылып жатат. Мэриянын маалыматына ылайык, Project Vision AI компаниясы каржылаган долбоордун алкагында Bishkek Park соода борборунун жанына сегиз мамы жана сегиз санариптик прожектор орнотулду.

Жаңы жабдуулар заманбап технологиялар менен камсыздалып, кошумча кызматтарды көрсөтө алат. Прожекторлор күн панелдери, шамал генераторлору жана борборлоштурулган электр тармагы аркылуу иштеп, энергияны үнөмдөп, автономдуу режимде иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Шаар бийлигинин маалыматына караганда, иштерди Биринчи май райондук администрациясы координациялап, орнотуу иштерин “Бишкек жарык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жүргүзүүдө. Учурда “Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасынын адистери Wi-Fi тармагын туташтырып, жасалма интеллект элементтери бар видеокөзөмөл камераларын орнотууда.

Бул камералар келечекте “Коопсуз шаар” системасына интеграцияланып, коомдук коопсуздукту камсыздоого жана шаар инфраструктурасын санариптештирүүгө салым кошору белгиленди.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз