Садыр Жапаров бүгүн, 18-февралда, “Ала-Арча” жаратылыш паркында гондоль тибиндеги жаңы асма жолду расмий ачты.
Иш-чаранын алкагында мамлекет башчысына асма жолдун техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана иштөө тартиби тааныштырылды. Андан соң Президент катышуучулар алдында сөз сүйлөп, акыркы жылдары парктын инфраструктурасы толугу менен жаңыланып, туристтер үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн белгиледи.
Мамлекет башчысынын айтымында, бул долбоор өлкөдө тоо туризмин өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
Долбоордун өзгөчөлүктөрү
Жаңы асма жолдун узундугу 1 чакырымды түзөт жана саатына миңге жакын адамды тоонун чокусуна жеткире алат. Бул паркка келген жарандар жана чет өлкөлүк туристтер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Асма жол дүйнөгө белгилүү австриялык Doppelmayr компаниясы тарабынан курулган. Учурда аталган компания Ысык-Көл облусу аймагында курулуп жаткан “Ала-Тоо резорт” ири тоо-лыжа комплексинде да асма жолдорду орнотууда.
Президент бул долбоорлор Кыргызстанда тоо туризмин заман талабына ылайык, системалуу жана сапаттуу өнүктүрүү жүрүп жаткандыгынын далили экенин баса белгиледи.
Экинчи этап жана жаңы объектилер
Асма жолду узартуунун экинчи этабы көзөмөл-өткөрмө пунктунан башталып, жалпысы 12 чакырым аралыкты камтып, улуттук парктын эң кооз жана жетүүгө кыйын аймактарына чейин жетет.
Мындан тышкары, парк аймагында:
- Заманбап коттедждер курулуп, пайдаланууга берилүүдө;
- Родельбан курулуп жатат;
- Бассейни бар беш жылдыздуу мейманкананы пайдаланууга берүү мерчемделүүдө.
Киреше жана санариптештирүү
Президент белгилегендей, жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында парктын кирешеси олуттуу өскөн. Эгерде 2020-жылы киреше 29 млн сомду түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 262 млн сомдон ашкан.
Ошондой эле мамлекеттик мекемелер толугу менен санариптештирилип, накталай төлөмдөр жоюлуп, бардык эсептешүүлөр электрондук форматка өткөрүлгөн. Бул ачык-айкындуулукту камсыздап, мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууга өбөлгө түздү.
“Биздин максатыбыз — өлкөбүздүн туристтик потенциалын толук пайдалануу жана Кыргызстанды тоо туризми жаатында дүйнөгө таанытуу!”, — деди Президент.
Ал мамлекет ички жана тышкы инвесторлорго ачык экенин белгилеп, ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү мындан ары да улантыларын кошумчалады.

