Унаа катализаторлорун өлкөдөн алып чыгууга тыюу салынды

0
11935

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мурда пайдаланылган катализаторлорду, ошондой эле алардын курамындагы баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын өлкөдөн тышкары алып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салды. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, чечимдин негизги максаты – автоунаалардан чыккан зыяндуу газдардын көлөмүн азайтуу аркылуу жарандардын ден соолугун, айлана-чөйрөнү, ошондой эле жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо.

Адистердин айтымында, катализатор унаанын газ чыгаруу системасындагы эң кымбат тетиктердин бири болуп саналат. Анын баасы айрым учурда автоунаанын жалпы наркынын 13 пайызына чейин жетет. Акыркы мезгилде баалуу металлдарды кайра сатуу максатында катализаторлорду ыктыярсыз алып салуу жана уурдоо фактылары көбөйгөн.

Убактылуу чектөө ички рыноктогу мыйзамсыз жүгүртүүнү азайтууга жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз