Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Шаар куруу кеңешинин мүчөлөрү менен биргеликте Чүй проспектисинин бир бөлүгүндөгү курулуш иштерин жеринде текшерди.
Текшерүү учурунда калаа башчысы «Айчүрөк» ЦУМунун жанында курулуп жаткан объект бекитилген эскиздик долбоорго ылайык келбей жатканын белгиледи. Анын айтымында, шаар куруу нормалары жана Шаар куруу кеңешинде каралып, бекитилген чечимдер сакталган эмес.
«Бекитилген талаптар аткарылбагандыктан, курулган конструкцияларды демонтаж кылууну жана жашыл аймак менен фонтан зонасын баштапкы абалына келтирүүнү талап кылабыз», — деди мэр.
Ошондой эле ал компания үч күндүн ичинде демонтаж иштерин баштабаса, анда Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан мажбурлап бузуу иштери жүргүзүлөрүн эскертти.
Old Bishkek долбоору боюнча шаар мэри муниципалитет буга чейин Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги дарегине долбоордун талаптарга шайкештигин текшерүү жана көзөмөл жүргүзүү өтүнүчү менен кат жолдогонун билдирди.
«Биз объектке бир нече жолу барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Долбоорду бекитилген документтерге жана шаар куруу нормаларына ылайык келтирүүгө чакырганбыз. Бирок ага карабастан курулуш улантылган», — деди Айбек Джунушалиев.
Мэр компания өкүлдөрүнө экинчи кабаттын үстүнө чатыр куруу иштерин убактылуу токтотууну тапшырды. Ошондой эле Бишкек шаардык башкы архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жетекчилигине сунушталган эскизди кайра карап чыгып, долбоорду шаар куруу талаптарына ылайык ишке ашыруу боюнча сунуштарды киргизүү милдети жүктөлдү.

