whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.01.2026
-8.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомДимаш Кудайбергенге Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылды

Димаш Кудайбергенге Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылды

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, «Мейкин Азия» эл аралык музыкалык фестивалынын жыйынтыктоочу күнү казакстандык дүйнөгө таанымал ырчы Димаш Кудайбергенге Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылды.

Быйылкы фестивалда көптөн күткөн жана ардактуу конок катары чакырылган өзгөчө үндүн ээси, белгилүү ырчы Димаш Кудайберген сахнага чыгып, фестивалга келген коноктор үчүн концерт тартуулады.

Димаш Кудайберген — 2013-жылы өткөн эң алгачкы «Мейкин Азия» фестивалынын гран-при ээси болгон.

Белгилүү болгондой, быйылкы иш-чара Азия жана Европанын 25 өлкөсүнөн келген таланттуу ырчылар менен белгилүү аткаруучуларды бир сахнага чогултту. Фестивалдын конкурстук бөлүгү менен катар, ата-мекендик жана дүйнөгө таанымал ырчылардын концерттик номерлери, мастер-класстар, маданий жолугушуулар уюштурулган.

Уюштуруучулардын билдиришинче, фестивалдын башкы максаты — музыка аркылуу ар кандай элдердин жана маданияттардын ортосундагы диалогду өрчүтүү жана чыгармачылык кызматташтыкты бекемдөө.

Эске салсак, аталган эл аралык музыкалык сынак 20-июлда Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромунда салтанаттуу ачылган.

Фестивалдын алгачкы күнү кыргызстандык белгилүү артисттердин – Трио Номад: Бек, Азат, Минжашар, Жийдеш Идирисова, Тамга жана Баястан, ERA, Freeman 996 жана JAXтын коштоосунда өттү. Ал эми 21-июлда Бегимай Турусбекова, Абир Касенов, AY YOLA тобу жана белгилүү аткаруучу Севак ырдаган.

Гезит

Дөөлөтбек БЕРИКБАЕВ: “Биз жаңы баскычтагы жаңырган Кыргызстанды курууга бет алдык

       Мамлекеттик жана коомдук ишмер, легендарлуу парламенттин депутаты, “Ак-Талаа Эл” коомунун Президенти,  “Уңгужол” доктринасын ишке ашыруу боюнча “Уңгужолдун насааткери” сертификатынын ээси Дөөлөтбек...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар