Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыИрандын футболчулары дүйнө чемпионатына катышпай калышы мүмкүн

Ирандын футболчулары дүйнө чемпионатына катышпай калышы мүмкүн

Ирандын спорт жана жаштар министри Ахмад Доньямали мамлекеттик телеканал аркылуу өлкөнүн футболчулары үчүн АКШ коопсуз болбой турганын билдирди. Быйыл жайында АКШ Футбол боюнча дүйнө чемпионаты өткөрүүчү өлкөлөрдүн бири болот.

Министрдин айтымында, 11-июндан 19-июлга чейин биргелешип Канада, АКШ жана Мексика өткөрө турган дүйнө чемпионатына Ирандын катышуусу «мүмкүн эмес».

Ал мамлекеттик телеканалга берген маегинде Иран футболчуларынын коопсуздугуна байланыштуу олуттуу тынчсыздануулар бар экенин айткан.

«Алар Иранга каршы жасаган кастык аракеттеринен улам — акыркы сегиз-тогуз айдын ичинде бизге эки согуш таңуулап, миңдеген адамдарды өлтүрүп, кыйнашты. Ошондуктан биз дүйнө чемпионатына катыша албайбыз», — деген министр.

Алдын ала маалымат боюнча, Иран улуттук футбол курамасы тайпалык этапта

  • 15-июнда Инглвуд шаарында Жаңы Зеландия улуттук футбол курамасы менен,
  • 21-июнда Бельгия улуттук футбол курамасы менен,
  • 26-июнда Сиэтл шаарында Египет улуттук футбол курамасы менен ойношу керек болчу.

Учурда Ирандын дүйнө чемпионатына катышуу маселеси белгисиз бойдон калууда.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар