whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
31.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомӨкмөт башчы Тони Блэр менен мамлекеттик башкарууну өнүктүрүүнү талкуулады

Өкмөт башчы Тони Блэр менен мамлекеттик башкарууну өнүктүрүүнү талкуулады

25-июнда Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Жайкы Давос – 2025” Дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынына катышуусунун алкагында Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр менен жолукту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик башкаруудагы заманбап тенденциялар, туруктуу өнүгүү жана санариптик трансформация талкууланды. Тараптар мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик сектордун системасына инновациялык чечимдерди жана санариптик технологияларды киргизүү, жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Адылбек Касымалиев эл аралык тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргыз Республикасынын ачык-айкындуулукка, санариптештирүүгө жана мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатууга умтулуусун белгиледи.

Өз кезегинде Тони Блэр кыргыз тарап менен кызматташууга кызыкдар экенин, өзгөчө ар кандай чөйрөлөр боюнча тажрыйба алмашуу маселелеринде Кыргыз Республикасынын натыйжалуу мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү жана башкаруунун заманбап ыкмаларын киргизүү боюнча потенциалын белгиледи. Ал ошондой эле акыркы жылдары өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү жана башка негизги багыттар боюнча жетишилген натыйжаларына оң баа берди.

Белгиленгендей, акыркы жылдары кыргыз-британ мамилелери олуттуу жандануу жана өнүгүү менен мүнөздөлүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мамлекеттик башкаруу, туруктуу өнүктүрүү жана социалдык чөйрөдө реформаларды ишке ашыруу маселелери боюнча тажрыйба алмашуунун келечегин белгилешти.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар