Кыргызстандагы азык-түлүк жарманкелери 2026-жылдын июнь айына чейин уланат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси менен өлкөнүн бардык аймактарында өтүп жаткан азык-түлүк жарманкелери 2026-жылдын июнь айына чейин уланмай болду. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ар бир район үчүн атайын график бекитилип, жарманкелер аптанын белгиленген күндөрү өткөрүлүп жатат. Райондордун тиешелүү кызматкерлери иш-чараны үзгүлтүксүз уюштурууга милдеттендирилген.

Жарманкелерде азык-түлүк продукциялары базардагыдан төмөн баада сунушталууда. Жарандар бир аптага жетерлик керектүү азыктарды арзан баада сатып ала алышат.

Министерлик учурда өлкө боюнча негизги азык-түлүк продукцияларына тартыштык жок экенин, кор жетиштүү экенин белгилеп, жарманкелер ички рынокту туруктуу камсыздоого жана жарандарды сапаттуу азык-түлүк менен жеткиликтүү баада камсыз кылууга багытталганын билдирди.

Мекеме мындай демилге айыл чарба тармагын колдоого жана аймактардын экономикалык активдүүлүгүн арттырууга өбөлгө болорун кошумчалады.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз