Интенсивдүү багбанчылык: түшүмү мол, пайдасы көп

0
37475

Акыркы жылдары Кыргызстанда интенсивдүү бактарга болгон кызыгуу артууда. Айыл чарбасында өндүрүмдүүлүктү жогорулатып, сапаттуу түшүм алууну көздөгөн бул ыкма дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө кеңири колдонулат. Ушул өңүттө аракеттенген Абдимитал Каримов он беш жылдан  бери багбанчылык менен алектенет. Учурда интенсивдүү бак тигүү түрүн тандап, анын пайдалуу жана ыңгайлуу тараптарын мыкты өздөштүрүп алган.

Бала кезинен багбанчылыктын түйшүгүн жакшы билген Абдимитал Каримов Ош облусунун Ноокат районунун тургуну. Тагыраак айтканда, талаада эмгектенип, дыйканчылыктын түйшүгү менен жемишин 36 жылдын бери көрүп келет. 2006-жылы мектепти аяктап, башкалар сымал Орусияга барып кайтканы бар. Мигранттык жашоону тандай албай, кайрадан эле өз элинде, өз жеринде дыйканчылык кылууну улантып, алгач картөшкө эгип баштайт. Башында пайда көргөн менен, 2-3 жылдан соң, картөшкөдөн пайда көрүүсү азайганда, багбанчылыкка өткөн. Андан бери он беш жылдын жүзү болуптур.

Ал учурда эч кимде интенсивдүү бак боюнча түшүнүк болгон эмес. Багбан башында бакка керектүү алманын карлик (эргежээл) көчөттөрүн чет өлкөлөрдөн ар бирин 1000 сомдон алдырткан. Көчөттөрдүн мындай кымбат болуусу, аны дагы ойлонтуп, ал көчөт эгип өстүрүүнү да ойлоно  баштайт. Атайын эл аралык уюмдардын колдоосу менен окуудан өтүп, өзү көчөттөрдү өстүрүүнү колго алат.

2011-жылдан бери, карлик багын өстүрүү менен бирге, анын көчөттөрүн дагы эгип, Кыргызстандын бардык аймактарына ушул  көчөттөрдү жеткирүүдө. Ар бир көчөттү эгүү, аны чоңойтуу дагы чоң түйшүк. Ар бирине бала карагандай мамиле кылуу менен камкордук керектигин багбан өз сөзүндө белгилейт.

Абдимитал багбан интенсивдүү багбанчылыкты сураштырып, ар түрдүү окууларга барып, анын пайдалуу жактары көп экенин түшүнгөн. “Аз жерге, көбүрөөк көчөт эгилет, көп чоңойбогондуктан дарылоо, бутоо
сыяктуу иштери жеңил болот, түшүмдүүлүгү да бир топ мол болот”, – дейт багбан. Талаада дыйканчылык кылууга караганда, багбанчылык кылуу жеңилдигин көрүп калган каарманыбыз, үлүш жерлеринин баарын багбанчылыкка айланткан.

Учурда бир гектардан ашык жерге интенсивдүү алма багын өстүрүп келет. Базарда өтүмдүү, даамдуу жана  узакка чыдамдуу крипсон же топред/супред чиф, голден алма сортторун тандап алган. Багбан Абдимитал Каримов “бир гектар жерге 3000 даана карлик көчөтү эгилсе, анын ар бири орточо 30 кгдан түшүм берсе, жалпысынан 90-100 тонна түшүмдү жыл сайын алса болоорун” белгилейт.

Ал эми көчөттү өстүрүү дагы өзүнчө чоң эмгекти талап кылат. Мисалы, бир жылга чейин көчөттүн калемчелери өзүнчө жерде өстүрүлүп каралат, андан кийин дагы башка жерге отургузулуп, анда 2-3 жыл чоңойтулат. Бир карлик көчөтү даяр болуп сатылуусу үчүн кеминде 3 жыл керек болот. Жылына миңдеген көчөт даярдаган багбандын айтымында багбанчылыктын жазгы кирешесин көчөттөн тапса, күз-кыш мезгилинде алманын тушүмүнөн көрөт. Көчөттү же алма багын кароо, аны ар кайсы мезгилде, ар кандай кырдаалда кароого алуу, ар кандай зыяндуу заттардан коргоо дагы өзүнчө  эмгек. Ага карабастан,  каар-
маныбыз мүмкүн болушунча  химикалык дары-дармектерден алыс болуп, табигый жер семирткичтерден колдонууну эп көрөт, мисалы, малдын, тооктордун кыгын же биогумусту пайдаланууга аракеттенет. Бирок, зыяндуу курт-кумурска жана отоо чөптөрүнө каршы жылына 1-2 жолу дарылар себилерин белгилейт. Ошондой эле, азыркы мезгилде Абдимитал мырза өз тажрыйбасын башкаларга да бөлүшүп, интенсивдүү бак өстүрүү сырларын
жайылтып келет.

“Ноокат алмасы” бул өзүнчө кеп

Айтмакчы, Ош облусунун Ноокатрайону өлкөбүзгө өзүнүн алмасы менен белгилүү. Райондо алма багы жок үй-бүлө деле жок болсо керек. Бул багытта алгылыктуу иш кылып жаткан ноокаттыктар, акыркы убактары “Ноокат алмасы” деген брендди түптөп, кичи чарбалар биригип чоң кооперативдерди түзүп, жылына миңдеген тонна алмаларды Кыргызстандын башка аймактарына жана башка өлкөлөргө экcпорттоого өтүшкөн. Ар бир айыл аймактарында алманы кышкысын сактоочу логистикалык борборлор курулуп, андан сок чыгаруучу кичи өндүрүштөр иш жүргүзүп жатканын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маалымдашат.

Андан сырткары салтка айланып калган “Алма фестивалы” жыл сайын өткөрүлүп, ага жергиликтүү жана башка район, аймактардан келген багбандар, алып-сатарлар катышып, алма түшүмдөрү, алма сорттору, көчөттүн түрлөрү, багбанчылыкка керектүү каражаттар коюлуп келет. Демек, ар бир багбан же дыйкандын эмгегине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да эмгек кошсо, аймакты жалпылап өнүктүрүү өбөлгөсү пайда болоору чын.

 Интенсивдүү багбанчылык жана заманбап агротехнология

Интенсивдүү багбанчылык – бул жемиш дарактары атайын технологиялар менен тыгыз отургузулган, эрте түшүм берген жана гектарынан максималдуу түшүм алуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн заманбап ыкма. Дүйнөдө кеңири жайылып жаткан бул система айыл чарбасын эффективдүү жүргүзүүнүн негизги багыттарынын бири болуп саналат.

Интенсивдүү жемиш бактарынын өзгөчөлүктөрү: дарактар төмөн бойлуу жана бири-бирине жакын отургузулат. Тамчылатып сугаруу, тор системасы, формага келтирип кыркуу сыяктуу технологиялар милдеттүү колдонулат. 2–3 жылда эле түшүм бере баштайт. Мисалы, 1 гектарга 3000 көчөт отургузуу мүмкүнчүлүгү бар. Мөмөнүн көлөмү, өңү жана сапаты бир калыпта болот, экспортко ылайыктуу.

Жөнөкөй бактан айырмасы — интенсивдүү системада жер, суу, эмгек жана каражат ресурстары максималдуу үнөмдөлүп, бир гектардан алына турган түшүм 2–4 эсе көбөйөт. Мисалы, салттуу жемиш бактары гектарына орто эсеп менен 10–15 тонна жемиш берсе, интенсивдүү бактар 30–60 тоннага чейин түшүм бере алат.

Европада, Түркияда, Израилде жана Кытайда интенсивдүү багбанчылык негизги стандартка айланды. Жемиш өндүрүүнүн 70–80%ы дал ушундай технология менен жасалат. Андыктан, биз дагы ар тараптуу үнөмдүү жана түшүмдүүлүгү жогору болгон ыкмага өтүүнү коомчулук жапырт колдосок.

Гүлмайрам РАХМАНБЕРДИЕВА,
“Кыргыз Туусу”

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз