whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.12.2025
-1.9 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарБаткенде алмашылган айыл тургундарын жаңы конуштарга көчүрүү жүргүзүлүүдө

Баткенде алмашылган айыл тургундарын жаңы конуштарга көчүрүү жүргүзүлүүдө

Баткен облусунун Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан жана эки өлкө ортосунда алмашылган аймактардагы тургундарды жаңы үйлөргө көчүрүү иштери башталды. Бул тууралуу Президенттин өкүлчүлүгү маалымдады.

Маалыматка ылайык, Кулунду айыл аймагына караштуу Максат айылынан 16 тургун ушул эле айылдын аймагында мамлекет куруп берген жаңы үйлөргө көчүрүлүүдө. Саада айылынын 60 тургуну Раззаков айылындагы жаңы конушка жайгашат.

Көчүрүү иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык башкармалыгынын кызматкерлери жана техникалары тартылган.

Чек араны делимитациялоонун жыйынтыгына ылайык, эки өлкө айрым айылдарды алмашууга макул болгон. Ага байланыштуу Баткен районунун Жаңы Достук айылында 181 үй, Лейлек районунун Раззаков айылында 60 үй, Максат айылында 16 үй салынып бүткөрүлгөн.

Буга чейин, бир ай мурда, Достук айылынын тургундары Баткен шаарынын четиндеги Жаңы Достук конушундагы жаңы үйлөргө көчүрүлө баштаганы кабарланган. Жаңы конушта жалпы 181 үй курулуп, жол, бала бакча, социалдык объектилер, суу жеткирүү жана жашылдандыруу иштери уланууда.

Учурда Баткен жана Лейлек райондорунда жалпы 257 үй курулуп жатат.

Эки тараптуу комиссия алмашылуучу аймактардагы мүлктөрдү инвентаризациялоону сентябрь айында аяктап, Баткенден 259 турак үй, Тажикстандын Согд облусунан 214 үй катталган. Жалпысынан 300дөн ашык объект кыргыз тарапка өтөрү айтылган.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстан–Тажикстан чек арасынын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын 486,94 чакырым бөлүгү акыркы үч жылда такталып, 2025-жылдын март айында чек араны толук тактоо боюнча макулдашууга кол коюлган. Учурда чек арага зым тартуу жумуштары жүрүүдө.

Гезит

Өнөрүң өркүндөсүн – Динислам Жайлаубай

Кыргыз-казак эзелтеден, бири-биринин өнөрүнө кумар, тарых-тамыры, салт-санаасы бир эл. Айрыкча, кыргыздын күлүгү болсун, жоргосу болсун казакка барып байге албаса, атагы артпайт. Казак тарабы деле...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар