Акыркы жылдары социалдык тармактардын өсүшү жана тынымсыз уланган арзандатуулар керектөөнүн өтө жогорулашына алып келди. Онлайн да, офлайн да «ашыкча сатып алуу маданияты» дүйнө жүзүндө кеңири жайылды.
Жыл сайын өткөрүлүүчү «кара жума» (“черная пятница”) дагы бул көрүнүштү күчөтүп келет. Илгери болгону бир күнгө созулган акция азыр бүтүндөй дем алыш күндөрүн, андан соң “кара дүйшөмбү”, айрым өлкөлөрдө болсо «кара жума» деп аталган бүтүндөй бир аптаны камтыйт.
Керектөөнүн бул деңгээлине жооп катары акыркы жылдары “сатып албоо күнү” дүйнө жүзүндө тарап жатат.
Сатып албоо күнү — бул бир күн бою эч нерсе сатып албоого чакырган эл аралык акция. Анын максаты — ашыкча керектөөнүн айлана-чөйрөгө, ресурстарга жана адам психологиясына тийгизген терс таасирлери жөнүндө коомчулуктун көңүлүн буруу.
Бул демилгенин тарыхы 1992-жылдан башталат. Канадалык сүрөтчү Тед Дэйв тарабынан сунушталып, кийинчерээк коомго жайылган.
Сатып албоо күнү — бул экономикага каршы чыгуу эмес, керектөөнү аң-сезимдүү башкаруунун маанилүүлүгүн эскерткен белги катары кабыл алынат.


